ЕАЭБ мигранттарына пенсия төлөө боюнча келишим күчүнө кирди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМэр Москвы С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра
Мэр Москвы С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаран ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде мыйзамдуу түрдө иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн берип жүрсө, убагы келгенде КРде жүргөндөй эле пенсияга чыга алат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясы иштеп чыккан келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.
Кеп ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөргө барып иштеп жүргөн мигранттар тууралуу болуп жатат.
Очереди мигрантов в УФМС - Sputnik Кыргызстан
Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп
Жаран ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде (келишим түзгөн беш мамлекет) мыйзамдуу түрдө иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн берип жүрсө, анда убагы келгенде КРде жүргөндөй эле пенсияга чыга алат. Бирок келишим күчүнө киргенге чейинки эмгек стажы гана эсептелет. Башкача айтканда, беш мамлекеттин кайсынысында легалдуу иштесе, ошол жыл эмгек стажына кошула берет.
Мигранттарга пенсия төлөө системасы санариптештирилгенге чейин документтер кагаз түрүндө болот.
Документке 2019-жылдын 20-декабрында ЕАЭБ өлкө башчылары кол койгон. Мындан тышкары, жобо боюнча документти ар бир мамлекеттин парламенти ратификациядан өткөрүш керек болчу. Бул процесс 2021-жылдын 1-январында толугу менен ишке ашты.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө 1 миллиондон ашык кыргыз жараны иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө болсо, Түркияда 30 миңге чукул, Түштүк Кореяда 15 миңдей кыргыз жараны бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0