Кыргызстандын ИДПсы 598 млрд. сомду түзүп, экономика 9%га төмөндөдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом банкноталардын үстүндө монеталар. Иллюстративдик сүрөт
Сом банкноталардын үстүндө монеталар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мында Кумтөр алтын кени эсепке алынган эмес. Оң тенденция бир гана айыл чарбасында байкалган.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2020-жылдын жыйынтыгы менен 598 миллиард сомду түзүп, өлкө экономикасы 9 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Ички өндүрүштүн суммасы 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөгөн. Кумтөр алтын кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9 пайызга азайган.
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өлкөгө кирген түз инвестициялар 2,5 эсеге азайды. Тогуз айлык статистика
Өнөр жай продукциясынын көлөмү былтыр 319 миллиард сомдон ашкан, аны 2019-жылга салыштырганда 6,6 пайызга төмөндөгөнү байкалат. Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы, текстиль өнөр жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз), резина жана пластмассадан жасалган буюмдар, металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз), азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,6 пайыз), темир жана темирден жасалган буюмдар (4,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизген.
Курулуш тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 15,9 пайызга, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайган.
Оң тенденция бир гана айыл чарбасында байкалып, өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өскөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0