Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Министрлик 2-3 жылда тышкы карызды толук төлөө үчүн кайдан акча табарын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовФлаг Кыргызской Республики
Флаг Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 886 миллион доллардын чегинде турат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жаңы ишканалар ачылып, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу менен тышкы карыздан өз убагында кутулабыз. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди. 
© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында
Заместитель министра финансов КР Мирлан Байгончоков - Sputnik Кыргызстан
Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында
Журналист андан Садыр Жапаров эки-үч жылдын ичинде тышкы карызды толугу менен төлөөнү баштай турганын айтканын эске салып, аны ишке ашыруу жолдорун сурады.
"Жакынкы эки-үч жылда өндүрүштөр ишке кирип, жаңы ишканалар ачылат. Инвесторлор тартылып, жумуш орундары түзүлөт. Анын арты менен экономика жанданат. Ошондой эле биз мекеме, ишканалар көмүскөдөн чыгарын болжоп жатабыз. Бул учурда кошумча ресурстар түшө баштайт, анын алкагында биз тышкы карызды төлөөнү баштайбыз", — деди Байгончоков.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 886 миллион доллардын чегинде турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0