Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке 4 эле адам акча которгон. Суммасы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПовышение курса доллара к сому в КР
Повышение курса доллара к сому в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министринин орун басары буга чейин жаңылып "29 миллион сом чогулду" деп айтып алганы тастыкталды.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Тышкы карызды төлөөгө көмөктөшүүнү каалагандар үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллион 29 миң сом түштү. Бул тууралуу Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, бюджеттин тартыштыгынан улам түшкөн сунуштардын негизинде Финансы министрлиги тышкы карызга жумшоо үчүн 18-ноябрда атайын эсеп ачкан.
"Бул эсепке биринчи 27 миң сом, андан соң 2000 жана 50 сом түштү. Жаңы жылдын алдында бир ишкер миллион сом которду. Жалпылап алганда төрт адам акча салды", — деди Амандыков.
Белгилей кетсек, буга чейинки брифингде финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков аталган депозиттик эсепке 29 миллион сом чогулганын билдирген. Амандыков кесиптеши жаңылып, миллион деп айтып алганын тактады. Ошол убакта 29 миң сом гана түшкөнүн белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0