Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүМонеты России
Монеты России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги инвестордун жеке капиталынын үлүшүн чет өлкөлүк түз инвестициялардан көбөйтүүнү максат кылып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Инвесторлор Кыргызстандын экономикасына алган насыясын эмес, жеке каражатын көбүрөөк салышы керек. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. 
© Sputnik / Табылды КадырбековИнвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев
Брифинг Госагентство защиты инвестиций о выходе из экономического кризиса - Sputnik Кыргызстан
Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев
Ага 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин чет өлкөлүк инвестициядан түшкөн каражат канчага азайганы тууралуу суроо узатылган.
"Ооба, чет элдик инвестициялар түз агылып кетип жатты. Мындай инвестициялардын көбү насыя жана кирешени кайра инвестициялоо болду. Экономика артка кетерин болжолдогон инвесторлор тобокелдиктерден оолак болууга аракет кылышты. Анткени банк системасы насыя берүүдө тобокелчиликтердин баарын эсептеп турат эмеспи", — деди Абдиев.
Анын айтымында, агенттик инвестордун жеке капиталын тартууну максат кылууда.
Повышение курса доллара к сому в КР - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке 4 эле адам акча которгон. Суммасы
"Бул насыя же товар насыясы эмес. Ал тургай кайра инвестициялоо дагы эмес. Бул — Кыргызстандын аймагындагы негизги фонддорго салынган инвесторлордун каражаты. Анын көлөмү салыштырмалуу өтө аз. Чынын айтканда, өлкөгө каражат киргенге караганда көбүрөөк чыкты. Биз акырындык менен мурдагы деңгээлге жетип, андан ары жеке үлүштү жогорулатуу боюнча иштешибиз керек", — деди адис.
Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор менен күч органдары кагылышып, чогулгандар түндө Жогорку Кеңештин имаратын басып алышкан. Андан кийин КР бийлиги алмашып, президент менен өкмөт башчы отставкага кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0