Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү. Процесс кайсы этапка жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр финансов КР Кыялбек Мукашев
Министр финансов КР Кыялбек Мукашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч айлык пайыздарды төлөөгө 1 миллиард 253 миллион сом керектелет. Мындай жеңилдикти 673 миң жаран колдонууда.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-январдан тарта, Финансы министрлиги 100 миң сомго чейинки кредити барлардын пайыздык суммасын төлөп берүү үчүн финансы-кредиттик уюмдарга каражат которууну баштайт. Бул тууралуу министр Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. 
Анын айтымында, министрлик кредиттик компаниялардын декабрдагы чыгашасын январда, январдыкын февралда, февралдыкын мартта төлөп берет.
"Биз Улуттук банктан арыздарды алдык. Учурда каржылоо боюнча тогуз микрофинансы компаниясы, 86 микрокредиттик компания, 38 микрокредиттик агенттик, 23 коммерциялык банк жана 92 кредиттик союз менен келишимге кол коюлду. Алардын чыгымдарын дүйшөмбүдөн тарта төлөп баштайбыз", — деди Мукашев.
Министр үч айлык пайыздарга 1 миллиард 253 миллион сом керектелерин айтып, ал бюджеттин эсебинен төлөнөрүн белгиледи. Мындай жеңилдикти 673 миң жаран колдонууда.
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Россия берген 20 млн. доллар кайда? Финансы министринин жообу
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу болуп турган чакта 100 миң сомго чейин насыя алган үй-бүлөлөргө өкмөт жардам берерин айткан. Муну менен пандемияда кыйналган элге көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн.
Жапаровдун маалымат жыйынында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомдон ашып жаткан учурда каражатты кайдан аларын сураган. Анда ал бюджеттен эмес, башка булактардан тапканын билдирген. 
Бүгүн да ошол суроону финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков менен Борбордук казынанын директору Марлен Амандыковго узатты. Алар каражатты салыктык эмес кирешеден берүү боюнча 2021-жылдын бюджетке киргизилгенин билдирип, бирок кайсы булактан табылганын так айта алышкан жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0