БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.
Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.
Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.
Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.
Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.
Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.
Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.
Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.
Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.
Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.
Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.
Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жапаров иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттердин планына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн.
Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.
Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду. Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышкан. Алар: "Ренова" компаниялар тобу" АКнын директорлор кеңешинин төрагасы, "Сколково" жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, "Сколтехтин" (Сколково илим жана технологиялар институту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, "Россия темир жолу" ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, "Газпром нефть" ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электр энергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, "Артпол Холдинг" ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, "Ростелеком" ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле "ФосАгро" ПАК, "ВымпелКом" ПАК, "Хюндай Мотор СНГ" ЖЧК, "Северсталь" ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучулар бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.Эске салсак, кечээтен бери Жапаров Россияда жумушчу иш сапар менен жүрөт. Алгач Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулап, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.
Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.
Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.
Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.
Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.
Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.
Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.
Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.
Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.
РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.
Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.
Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.
Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.
Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.
Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.
Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту: