Эми Россияга бут кийим идентификациялык код менен гана экспорттолот

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМосковская обувная фабрика "Парижская коммуна"
Московская обувная фабрика Парижская коммуна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп ата мекендик бут кийимди экспорттоочуларды маркалоо коду менен камсыздай баштады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга бут кийим продукциясын экспорттоочуларга маркалоо кодун бере баштады. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.
Улуттук маркалоо системасынын оператору болуп "Альфа Телеком" компаниясы эсептелет.
Маалыматта Кыргызстан ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп ата мекендик бут кийимди экспорттоочуларды маркалоо коду менен камсыздай баштаганы айтылат. Аталган продукцияны милдеттүү түрдө маркалоо өткөн жылдын 1-июлунан тарта киргизилген.
"Бут кийим Россияда милдеттүү түрдө маркалоо талабы коюлган экинчи (тамекиден кийин) товардык группа болуп калды. Идентификациялык коду жок бут кийим продукциясын Россияда өндүрүүгө, ташып кирүүгө, дүкөндөрдө сатууга жана кампаларда сактоого тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.
Товарларды маркалоо жөнүндө кененирээк маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан же КРдин товарларды маркалоо системасынын main.teksher.kg расмий сайтынан алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0