Былтыр Улуттук банк сомду колдоо үчүн 500 млн. доллардан ашык каражат жумшады

Жазылуу
2020-жылдын башында АКШ акчасынын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок жыл бою анын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болду.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 518,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аталган мекемеден билдиришти.
Эске салсак, 2020-жылдын башында АКШ акчасынын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок жыл бою анын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болду.
"Мунун айынан Улуттук банк 30 жолу жалпы суммасы  518,5 миллион долларга жеткен интервенция кылууга аргасыз болгон. Анын ичинен 52 миллион 550 миңи накталай түрдө сатылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда банк АКШ валютасын сатып алуу боюнча бир дагы операция өткөргөн эмес.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0