Быйыл башкача болушу керек. Өкмөт жазгы талаа иштери боюнча жаңы тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков жыйын учурунда
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артем Новиков быйыл жазгы талаа жумуштарын уюштурууга даярдык жылдагыдай эмес жаңыча ыкма менен болушу зарылдыгын  айткан.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Новиков быйыл жазгы талаа жумуштарын уюштуруудагы даярдыкка жылдагыдай мамиле жасалбашын белгилеген.
"Агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө жаңы кадамдар керек. Эт, сүт, интенсивдүү багбанчылык, балык уулоо жана мөмө-жемиштерди өстүрүү багыттары боюнча кооперацияларды түзүү керек. Биздеги климат айрым өсүмдүктөрдөн жылына эки ирет түшүм алууга мүмкүндүк берет. Өнөктөштөрдүн жардамы менен ишке ашырчу долбоорлор бар. Быйыл айдоо аянттарын 6,5 миң гектарга көбөйтүү маселеси каралып жатат. Жыл сайын 50 миң гектар жер иштетилбей каларына көңүл буруу керек. Ал үчүн ирригация объектилерин текшерип, суу ресурсунун көлөмүн эсептеп чыгуу зарыл. Ойлонуп отурууга убакыт жок, анткени жазгы талаа иштеринин башталарына аз эле убакыт калды", — деди Новиков.
Кеңешменин жыйынтыгында Айыл чарба министрлигине февралдын башына чейин бир катар тапшырмалар берилген. Алар:
  • 2021-жылдын 1-февралына чейин жазгы талаа иштерин өткөрүү боюнча өкмөттүн токтом долбоорун толуктап иштеп чыгуу;
  • райондордо товарлардын айрым түрүн өндүрүү үчүн райондоштуруу тутумуна кайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • 2021-жылдын 1-февралына чейин "Айыл чарбаны каржылоо – 9" долбоорун бекитүү;
  • 2021-жылдын 1-февралына чейин айыл чарба техникасын алуу үчүн 400 миллион сом кошумча каражаттын бөлүштүрүлүшүн карап чыгуу;
  • айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо көлөмүн көзөмөлдөө үчүн технологияларды ишке киргизүүнү тездетүү;
  • беш багыт боюнча кошумча нарк түзүүнүн конкреттүү долбоорун киргизүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0