ЕАЭБде соода алаканын басымдуу бөлүгү улуттук валюта менен жүргүзүлөт. Иликтөө

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Евразия өнүктүрүү банкы "Эл аралык соода жүгүртүүдө ЕАЭБ улуттук валюталарынын ролун жогорулатуу" аталышындагы аналитикалык докладдын презентациясын өткөргөн.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода алаканын 74 пайызы улуттук валюта менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Наталья Лаврова билдирди.
Бүгүн, 28-январда, Евразия өнүктүрүү банкы "Эл аралык эсептешүүлөрдө ЕАЭБдин улуттук валюталарынын ролун жогорулатуу" аталышындагы аналитикалык докладдын презентациясын өткөргөн.
"Интеграцияны бекемдөө улуттук валюталардын ролун жана үлүшүн бекемдөө менен түздөн-түз байланышта. Акыркы бир нече жылдан бери ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул багытта бир топ эле жылыш болду. Жалпы жонунан өз ара соода жүргүзүүдө алардын үлүшү 63 пайыздан 74 пайызга чейин өскөн", — деди Лаврова.
Анын айтымында, бул 2013-жылдан 2019-жылга чейинки көрсөткүч. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде доллар менен соодалашуу 25 пайыздан 19 пайызга чейин төмөндөгөн. Лаврова муну ийгилик катары сыпаттап, мындай тенденция сакталат деген үмүтүн арткан.
"Сооданын көбүнчө рубль менен жүргүзүлүп жатканы Россия экономикасы үчүн да маанилүү роль ойнойт. Беларусь менен соода жүгүртүүдө 80 пайыз рубль колдонулат. Казакстан, Кыргызстан менен соодалашууда рублдин үлүшү 60 пайызды түзөт", — деди Лаврова.
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук валюталардын үлүшү төмөнкүдөй:
  • рубль — 72 пайыз;
  • доллар —19 пайыз;
  • евро — 7 пайыз;
  • башка улуттук валюталар — 2 пайыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0