ЕАЭБ быйыл басым жасай турган 5 артыкчылыктуу багыт аталды

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүЕАЭБтин желеги. Архив
ЕАЭБтин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи болуп өнөр-жай кооперацияларын өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу иштери жасалат.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБге төрагалык кылып турган чагында жасала турган беш артыкчылыктуу багытын атады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков билдирди.
Ал Москва — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүндө сөз сүйлөдү. Эске салсак, Казакстан быйыл ЕАЭБге төрагалык кылууда.
Өзгөчө маани берилген артыкчылыктуу багыттар:
  • Биргелешкен ишканаларды түзүү менен өнөр-жай кооперацияларын өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу;
  • ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу — бул интеграцияны өнүктүрүү үчүн негизги маселе;
  • транспорт жана логистика;
  • цифровизация;
Үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык топтор менен соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу. Мунун максаты — тышкы рынокко экспорттун көлөмүн жогорулатуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0