Мамлекеттик маанидеги кендерди улуттук компаниялар гана иштетет. Жаңы жарлык

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын кенинде жүргүзүлүп жатка иштери. Архи
Алтын кенинде жүргүзүлүп жатка иштери. Архи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы кол койгон жарлык кен казуу тармагын реформалоону, инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүүнү көздөйт.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "КРдин кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыктын максаты — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, мыйзамдарда, мамлекеттик жөнгө салуудагы көйгөйлөрдү четтетүү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашырууну көздөйт.
Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталган:
  • жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү караган мыйзамдардын бүтүн системасын түзүүгө багытталган Кен кодексинин долбоорун иштеп чыгып, 2021-жылдын 1-июлуна чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
  • КРдин Кен кодексин кабыл алынган учурга карата лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканаларды кошпогондо, уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100 пайыз болгон улуттук кен казуу компаниясынын гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүүсү;
    жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрине кирбеген пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин үлүшүн алуу шарттарын;
  • пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык контролдоо, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
  • экологиялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • экономикалык жактан келечеги бар кен чыккан жерлерди аныктоо үчүн геологиялык маалыматтардын аудитин жүргүзүү, ошондой эле жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрин кеңейтүү;
  • геологиялык чалгындоо ишине дем берүү жана жаңы кен чыккан жерлерди ачуу менен алардын андан аркы узак мөөнөттүү өнүгүшү үчүн база түзүү боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу; пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандартынын системасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • КР катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен кен компанияларынын жана подряддык уюмдардын персоналынын жалпы штаттык санынын 90 пайыздан кем эмесин өлкө жарандарынын арасынан жалдоону камсыз кылуу;
  • Кыргызстан катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80 пайыздан кем эмесинин, мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр өлкө аймагында өндүрүлбөгөн учурларды кошпогондо мамлекеттин аймагында сатылып алынышын камсыз кылуу;
  • кен компанияларынан фонддорго, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге келип түшкөн финансы каражаттарын бөлүштүрүүнүн сарамжалдуулугун, натыйжалуулугун жана ачыктыгын санарип платформалар аркылуу камсыз кылуу;
  • 2021-жылдын 1-сентябрына чейин коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кен пайдаланууга жана кен пайдалануучулар жүргүзгөн тышкы экономикалык ишке укукту электрондук лицензиялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • 2021-жылдын 1-майына чейин кен пайдалануу чөйрөсүндө уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнү санариптештирүү үчүн "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу;
  • кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өлкөнүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталына жайгаштыруу;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча аткарылуучу ишти кеңири чагылдыруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0