Экономика министрлиги адал индустриясын жол-жоболоштурган мыйзам сунуштады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкономика министрлигинин имараты. Архив
Экономика министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Азыркы учурда адал индустриясын өнүктүрүүгө толук мыйзамдык базанын жоктугу бирден-бир тоскоолдук болуп жатканы белгиленүүдө.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Экономика министрлиги адал индустриясын жол-жоболоштуруу үчүн мыйзам долбоорун сунуштап, расмий сайты аркылуу коомдук талкууга койду.
Аталган мыйзам "Кыргыз Республикасындагы халал индустриясы жөнүндө" деп атат.
Мыйзамдык базалар жок болгондуктан, адал индустриясы тууралуу статистикалык маалыматтар чогултулбай, бул тармакты өнүктүрүүгө терс таасири тийип жатканы жазылган.
Буга байланыштуу төмөндөгүдөй нормалар иштелип чыкты:
  • Адал индустрияга кирген тармактарды аныктоо;
  • Адал индустрия тармагында бирдиктүү экономикалык мамлекеттик саясатты камсыздоо;
  • Адал индустриясы тууралуу жалпы түшүнүктү аныктоо.
"Бул тармакты өнүктүрүү менен реалдуу экономикага чоң салым кошулат. Азыркы учурда адал индустриясын өнүктүрүүгө бирден-бир тоскоолдук —жол-жоболоштурган толук мыйзамдык базанын жоктугу. Буга байланыштуу адал индустриясындагы ишмердүүлүктү, компанияларды, сертификат, аккредитация ыйгаруу, мамлекеттик көзөмөл, иретке келтирүү, кеңеш берүү органы боюнча укуктук норма киргизүү муктаждыгы жаралды", — деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Адал индустрия — бул ислам өкүмдөрүнө дал келген, өз ыктыяры менен экономикалык иш жүргүзгөн өнөр жайлардын (адал тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын, адал туризм, адал мода, адал медиа, адал дары-дармектер, адал косметикалык каражаттар жана башкалардын) жыйындысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0