БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын 11 ай ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн сарымсактын 1 миң 79,4 тоннасы сыртка сатылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Анын жалпы баасы 460 миң доллар деп бааланды. Төмөндө Кыргызстандан сарымсак сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси:
Мурдагы жылдын ушул мезгилинде 1,3 миң тонна сарымсак экспорттолуп, 840 миң доллар киреше алып келген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.
"Март айында баалар өсөт. Жеке компаниялар чыгым тартыш үчүн иштебейт. Алардын маржасы минималдуу. Мартта баалар сөзсүз өсөт. Божомолубуз боюнча 6-7 сомго кымбаттайт", — деди Эшатов.Буга чейин аталган ассоциация 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев орун басары, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу муфтият кабарлады.
"Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам. Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз. Жараткан маркум атаңызды өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп былтыр августта дайындалган.
Курманбек Байгелдиев — Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун уулу.