Жазгы талаа иштери. Архив

Жеңилдетилген насыя берилет. "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору уланары айтылды

349
(жаңыланган 21:45 04.02.2021)
Өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Ал өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 9" долбоорун ишке ашыруу башталганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

"Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынды. Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор алкагында тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыз өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен беш жылга чейинки мөөнөткө насыя берүү каралган.

Эскерте кетсек, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет.
Былтыр "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоорунун алкагында элеттеги дыйкандарга жана ишкерлерге жалпы суммасы 3 миллиард 765 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилген.

349
Белгилер:
мал чарбасы, айыл чарба, насыя, каржылоо, долбоор, өкмөт
Тема боюнча
Министрдин орун басары: быйыл айыл чарба техникасынын дефицити болбойт
Ирак, Түркмөнстан, БАЭ... 2020-жылы КРден сарымсак сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев

Айдаралиев: дотация менен берилген үрөндүн сапатына кепилдик берилет

10
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев учурда республика боюнча 58 миң тонна үрөн керектелсе, ошонун 26 миңи текшерүүдөн өтүп даярдалганын маалымдады.
Айдаралиев: дотация менен берилген үрөндүн сапатына кепилдик берилет

Дотациялык үрөндүн сапатына аны саткан инспекция кепилдик берет. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кардын жазга жетпей эриши дыйкандардын айдап-себүү иштерине эрте даярдануусуна түрткү болгон.

"Мындан тышкары, былтыр үрөндүн 30 пайызын дотациялоонун алкагында 2 миң 300 тонна үрөндү элге таратканбыз. Быйыл дагы 17 миллион сомго 1600 тонна үрөн даярдалып таратылууда. Быйыл керектелүүчү үрөндүн 20 пайызы былтыркы күздөгү түшүм. Башкача айтканда, сапаттуу үрөн дыйкандар аркылуу дагы таратылууда. Бул жерден үрөндүн сапаты боюнча суроо жаралышы ыктымал. Үрөн инспекциясынан сертификат алган үрөндүн түшүмүнө кепилдик берилет. Болгону анын тийиштүү документи болушу шарт. Ошондой учурда комиссия жиберилип, тийиштүү экспертиза жүргүзүлөт. Эгерде үрөндөн кемчилик болуп түшүм начар болуп калса, аны саткан инспекция жооп берет", — деди Айдаралиев.

Аткаминер дотациялоо боюнча долбоор 2-3 жыл ушундай темп менен көбөйсө, анда 3-4 жылда жалпы Кыргызстанды сапаттуу үрөн менен камсыздоого мүмкүн болорун кошумчалады.

10
Белгилер:
дыйкан, айыл чарба, үрөн, Таалайбек Айдаралиев
Тема боюнча
Баткенде айыл чарбаны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя бериле баштады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды. Берген убадалары

267
(жаңыланган 13:08 03.03.2021)
Бүгүн Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынын экинчи күнү. Президент казакстандык бизнесмендер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с бизнес-сообществом республики. 3 марта 2021 года
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с бизнес-сообществом республики. 3 марта 2021 года
    Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с бизнес-сообществом республики. 3 марта 2021 года
    Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.

Садыр Жапаровдун ишкерлерге айткан кеби жана убадалары:

Касым-Жомарт Токаев "Бир алкак — бир жол" демилгеси менен чек ара түйүндөрүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Биз муну толугу менен колдойбуз жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу Кыргызстан — Казакстан ортосундагы соода-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярбыз;

Кыргызстан инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатат. Бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге рынокко жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана товарларды сатууну кеңейтүү боюнча жигердүү иш алып баруудабыз;

Алгачкы жарлыктарымдын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп, ишкердик субъектилердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталган;

Бажы жана салык тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө;

Кыргызстанда айыл чарба жаатында санарип технологиялар киргизилип, ал электрондук соода элементтерин ичине камтып, айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыз кыла баштады;

Айыл чарбасында агробизнестин жер, суу жана жайыт ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана айыл чарба багытындагы жерлерди өндүрүштүк максатта трансформациялоо боюнча "бирдиктүү терезе" принциби ийгиликтүү киргизилип жатат.

267
Белгилер:
бизнес, инвестициялар, Казакстан, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Сүрөт
"Жашыл коридор" үчүн ыраазычылык. Жапаров Казакстандын премьери Маминге жолукту
Депутат добуш берип жаткан учурда. Архив

Референдум дайындоого кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме

183
(жаңыланган 16:18 03.03.2021)
Аталган долбоорду алгач Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, жактырып берген. Андан кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.

Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.

Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.

Результаты голосования депутатов Жогорку Кенеша по вопросу референдума по проекту новой Конституции
© Фото / Пресс-служба ЖК
Результаты голосования по вопросу референдума

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

183
Белгилер:
конституция, референдум, добуш, депутат, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу
Депутат Бешимбаева: жаңы Конституциянын автору эмесмин, тизмеден алып коюңуздар