БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү үчүн бул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында өтүп жаткан "Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок" санариптик форумунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Анын айтымында, товарлардын эркин жүрүшүн, транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү, экспортту, жарандардын эркин жүрүүсүн камсыздоо милдеттерин чечүү үчүн интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган санариптик демилгелерди колдоого алуу зарыл.
"Эл аралык кызматташууга карай муктаждык киберкоопсуздук жана персоналдык маалыматтарды коргоо маселеси жаралгандыгына байланыштуу көбүрөөк пайда болууда. Киберкоопсуздук маселесин киберкоркунучтардын глобалдуу, трансулуттук мүнөзүн эске алуу менен чечүү зарыл. Ошондой эле санариптик рыноктор индустриясынын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн пикир алышуусу үчүн туруктуу аянтча уюштуруу максатка ылайык келет", — деди Марипов.
Жыйынтыгында Марипов форумда көтөрүлгөн бардык демилгелер ишке ашырылып, биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пайдубалын чыңдоого жана биргелешкен максатка жетүүгө өбөлгө түзүлөрүнө ишеним артты.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекеттик Бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына, Финполго, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине мунайды жана мунай заттарын мыйзамсыз ташыгандарга бөгөт коюу тапшырмалары берилген.
Аталган чечим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирди. Кененирээк өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн логистикалык борбор ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанда мамлекеттик иш сапары менен жүрөт. Ал жактан Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
"Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына логистикалык борбор түзүү иштерин тездетүү тапшырылды. Борбор ишке кирсе Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан тоскоолдуксуз товар өткөрүүгө шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары транспорттук жана транзиттик потенциалды мындан ары дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ал үчүн эки тарап тең биринчи ирет кыргыз-казак аймактар аралык форум өткөрүүгө кызыкдар болуп жатышат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.