Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин

Казак премьери ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды четтетүүнүн зарылдыгын айтты

55
(жаңыланган 16:26 05.02.2021)
Маминдин пикиринде, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо кажет.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Тышкы суроо-талаптын начарлашына байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу керек. Мындай пикирди Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда сүйлөп жатып, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти күчөтүү керектигин белгиледи.

"Тышкы суроо-талаптын чектелген динамикасынын шартында ЕАЭБдин жалпы рыногунун натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү барган сайын маанилүү болуп баратат. Өндүрүш системалардын атаандаштык артыкчылыктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн соодада болгон тоскоолдуктарды жоюу жана аны мындан ары болтурбоо үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керек", — деген Мамин.

Анын айтымында, товарларды камакка алуу, чектөөлөр максималдуу кыскартылышы керек. Ошондой эле товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүгүртүлүшүн камсыздоо зарыл.

55
Белгилер:
алака, соода, Евразиялык экономикалык биримдик, Казакстан, Аскар Мамин
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (240)
Тема боюнча
Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн пайдалуу эки тиркеме иштелип чыкканын айтты
Марипов Алматыдагы форумда сөз сүйлөдү. Козгогон маселелери
Унаага бензин куюп жаткан адам. Архив

Бензинди сыртка ташууга тыюу салуу бааны ооздуктай алабы. Талдоо

127
(жаңыланган 11:25 09.03.2021)
Кыргызстанда жыл жаңыргандан бери эле бензин беш сомго кымбаттады. Бул айда баа дагы 6-7 сомго көтөрүлөрү күтүлүүдө. Мунай жана мунай өндүрүмдөрүн тышка ташууга тыюу салуу баанын өсүшүн токтото алабы? Sputnik Кыргызстан ушул маселенин тегерегинде ой калчап көрдү.

Жаздын башталышы менен Кыргызстан чийки мунай жана мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салды. Мындай буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Мында кеп ЕАЭБдин бажы аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салуу жөнүндө болууда. Бирок иш жүзүндө бул толук эмбарго, анткени өлкө өзү күйүүчү майды Россиядан сатып алат, ал эми Казакстанда ансыз деле баалар төмөн.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы тыюу салуунун себептерин жана ал канчалык таасирдүү болорун сураштырып көрдү.

Эмнеге мындай чара көрүлдү?

Өкмөт мындай тыюу салуу менен ички рынокто мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн кескин тартыштыгына жол бербөөнү көздөйт. Ошондой эле бул чечим өлкөдө мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Эмне ташууга тыюу салынды?

Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын эки түрүнө кирген товарларды экспорттоого тыюу салынды:

  • 2709 — бул чийки мунай;
  • 2710 — бул дизель жана бензин, анын ичинде авиациялык күйүүчү май да камтылган ири топ. Бирок айрым өзгөчөлүктөр да бар, маселен, Кыргызстандан толук бак же канистрде 20 литр менен чыгууга уруксат. Ошондой эле мазутту алып чыгууга тыюу жок.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы канчалык кымбаттады?

Жыл башынан тарта эле өндүрүшчүлөрдүн өзүндө — россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордо чыгарылган баа 67 пайызга өстү (россиялык өндүрүшчүлөрдө литр баасы 14 сомго жогорулады). Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясы дизель үчтөн бир, тагыраак, сегиз сомго өскөнүн маалымдайт. Ошону менен бирге эле өлкөдө бензиндин чекене баасы 4,9 сомго көтөрүлгөн.

Топливные пистолеты на АЗС. Архивное фото
© AFP 2021 / FRANCK FIFE
Жыл башынан тарта Кыргызстанда дизель үчтөн бир, тагыраак, сегиз сомго өскөн. Ошону менен бирге эле өлкөдө бензиндин чекене баасы 4,9 сомго көтөрүлгөн.

Кыргызстандан жалпы канча көлөм сыртка чыгарылган?

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстан 51,5 миң тонна чийки мунай саткан. Анын 8 миңин Тажикстан, калганын Өзбекстан алган.

Ошондой эле Кыргызстан 104 миң тоннадан ашуун мунай өндүрүмдөрүн эки өлкөгө, атап айтканда, Тажикстанга 2,3 миң тонна, калганын Өзбекстанга саткан. Бул көлөмдүн үч миң тоннадан ашыгыраагын бензин түзөт. Булардан башка дагы 55 миң тоннанын тегерегинде реактивдүү май (керосин) экспорттолгон. Эң көп сатып алгандар: Бириккен Араб Эмирлиги — 31,3 миң тонна, Кытай — 16 миң тонна. Улуттук статкомдон авиациялык керосинди өлкөнүн аэропортторундагы чет элдик компаниялар аларын билдиришти.

Ошол эле учурда Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май чыгарылары байма-бай айтылып келет. Буга Тажикстанда биздегиге караганда бул өндүрүмдөр алда канча кымбат турары себеп. Мисалы, УКМК 3-мартта Тажикстанга күйүүчү май чыгарууга аракеттенген төрт фураны кармады.

Тыюу салуу абалды жакшырта алдыбы?

Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов мурда деле мындай чаралар көрүлгөнүн эске салды.

Начальник Управления жилищно-коммунального хозяйства столичной мэрии Канатбек Эшатов на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов
"Негизги бөлүктү Россиядан ташыйбыз. Аталган мамлекеттен мунай өндүрүмдөрүн пошлинасыз алуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу бар. Ошол келишимге ылайык биз реэкспорттой алабыз", — деди Эшатов.

Бул тыюу салуу кайталанма эмеспи деген сурообузга ал: "балким" деп жооп берди.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева бул мурдагы документти кайталабай турганын билдирди. Дал ушул мекеме тыюу салууну (эмбарго киргизүүнү) сунуштаган. Анын айтымында, Россия менен болгон макулдашуу импорттук мунай өндүрүмдөрүн сыртка чыгарууну чектейт, ал эми азыркы тыюу салуу ата мекендик мунай жана Кыргызстанда өндүрүлгөн мунай өндүрүмдөрүнө тиешелүү.

Назначенная заместителем председателя Госкомитета промышленности и недропользования КР Вероника Исаева
© Фото / пресс-служба ГКПЭН
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева
"Тыюу салуу чарасы өзүн актады, анткени биздин мунайды кайра иштетүүчү заводдорубуздун өндүрүштүк кубаттуулугу 2,1 миллион тонна. Алар өлкөнүн дизель жана Аи-80 үлгүсүндөгү бензинге болгон керектөөнү жаба алмак. Мунайдын үчүнчү өлкөлөргө көп чыгарылып жатканына күбөбүз, киреше салыгынан тышкаркы салыктар алынган жок. Сырье чыгарылат, ал эми мамлекет мындан пайда таппайт", — деп белгиледи Исаева.

Анын айтымында, ушул тапта мунайды кайра иштетүүчү заводдордо иштин үчтөн бир гана көлөмү аткарылууда, ошону менен бирге эле алар өндүрүштү экологиялык таза өндүрүм түрлөрүнө ылайыкташтыруусу зарыл.

"Биз мунайды кайра иштетүүчү заводдорду өнүктүрүп, аларды сырье, анын ичинде импорттук мунай менен да камсыздоого тийишпиз. Сырье үчүнчү өлкөлөргө чыгарылбашы керек. Тыюу салуу чарасы кайра иштетүүчү тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Эгер өндүрүш кубаттуулугун 80 пайызга иш менен камсыздай алсак, анда биз сырье эмес, мунай өндүрүмдөрүн экспорттой алабыз", — деди Исаева.

Министрдин орун басары чийки мунай так канча көлөмдө тышка чыгарылып жатканы белгисиз экенин, бирок Бажы кызматында көрсөтүлгөн маалыматтарга караганда, жогору экенин айтат (былтыр 50 миң тоннадан ашык).

"Алынган 256 миң мунайдын 170 миң тоннасы өлкөдө кайра иштетилди. Айырмасы бар. Аналитикалык иштер жүрүп жаткандыктан сандарды айтуудан алыспыз. Бирок экспорттун көлөмү чагылдырылган статистикалык маалыматтар иш жүзүндөгүдөн башкача", — деп түшүндүрдү ал.

Эми кескин таңсыктыкка жол бербөө жана бааны турукташтыруу зарылдыгы сыяктуу тыюу салуунун себептерине токтололу.

© Sputnik / Евгений Одиноков
Мунай сатуучулар биримдигинин башчысы Эшатов айткандай, соңку убакта Баткендин бир бөлүгүндө белгилүү бир деңгээлде тартыштык болгон

Кыргызстанда таңсыктык барбы?

Мунай сатуучулар биримдигинин башчысы Эшатов айткандай, соңку убакта Баткендин бир бөлүгүндө белгилүү бир деңгээлде тартыштык болгон.

"Бирок бензин жаатында гана. Дизель боюнча абал өз нугунда. Балким ушундан улам өкмөт тыюу салгандыр. Курч тартыштыкка жол бербейбиз. Мунай сатуучулардын белгилүү кору бар, бирок өлкөнүн алыскы аймактарында бензин тартыштыгы байкалбайт", — деди ал.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Исаева да Эшатовдун оюна кошулат. Айтымында, мунай өндүрүмдөрүнүн курч тартыштыгы жок.

"Мунай өндүрүмдөрүнүн кескин таңсыктыгы жок, ал эми мунай боюнча бар. Биздин мунайды кайра иштетүүчү заводдорубуз сырье менен 30 пайызга гана камсыз болгон, ал эми алынган мунайдын басымдуу бөлүгү үчүнчү өлкөлөргө агылууда, бул жөнү жок көрүнүш", — деди ал.

Тыюу салуулар күйүүчү май баасын турукташтыра алабы?

Эшатов эмнеге баа кымбаттап жатканын эске салды. Жыл жаңыргандан бери автомобилдик күйүүчү майдын россиялык өндүрүшчүлөрүндөгү дүң баасы 300 доллардан 500 долларга чыккан. Ошондой эле мунай (31 пайызга) кымбаттап, ал эми сом КМШдагы бардык валюталардан көбүрөөк нарксызданып бараткан. Ал баа 6-7 сомго көтөрүлөрүн да болжолдогон.

"Тыюу салуу чарасы бааны турукташтырууга канчалык таасир этерин түшүнө албайм", — деди ал.

Ал эми башкы энергетиктин орун басары башкача ойдо.

"Эгер өз өндүрүшүбүздүн үлүшүн көбөйтүп, импорттун үлүшүн төмөндөтсөк, анда күйүүчү май наркын ооздуктай алышыбыз мүмкүн. Баанын өсүшү импорт жана логистика баасына жараша. Азыр бул максатта бааны кармап туруу же азайтуу татаал", — деди Исаева.

Бензовоз на трассе Исфана — Кулунду — Максат
© Sputnik / Эмиль Садыров
Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдан тарта "Баткен" бажысы тарабынан Өзбекстанга 2,6 тонна жана Тажикстанга 16 тонна дизелди мыйзамсыз чыгаруу фактылары боюнча материалдар каралганын кошумчалады

Аткезчилик өрчүп, күйүүчү май "сырдуу" жол менен жок болбойбу?

Былтыр бодо малды чыгарууга тыюу салынган, бирок ошол кездеги айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстандан "сырдуу түрдө" бодо мал жоголуп жатканын кабарлаган. Мунай жана күйүүчү май менен да ошондой жагдайга тушукпайбызбы?

"Белгилүү бир адамдар жана компаниялар аткезчилик менен шугулданышат, кандай болгон күндө да алар бул ишти уланта беришсе керек. Бирок буга тийиштүү органдар бөгөт коюуга тийиш", — деди Эшатов.

Ал кезегинде автотранспорт менен күйүүчү май ташууга тыюу салынганын, натыйжада бензинди ташуу үчүн "башкача аталышты" пайдалана башташканын белгиледи. Демек, андай кырдаал кайталанышы толук ыктымал.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Исаева аткезчиликти токтотуу тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине жараша экенин кошумчалады.

Күрөшчүлөр кандай пикирде?

Өкмөттүн буйругунда Бажы кызматы, Финпол (апта ичинде бул мекеме жоюлду), Чек ара кызматы жана Транспорт министрлигине мунай жана мунай өндүрүмдөрүн мыйзамсыз чыгарууга бөгөт коюуга багытталган тийиштүү чараларды көрүү тапшырылган.

Редакция бул мамлекеттик органдарга кандай чараларды көрөрүн сурап кайрылды. Эки мекеме – Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) жана Мамлекеттик бажы кызматынын жообун алдык.

"Биздин өлкөнүн аймагынан мунай жана мунай өндүрүмдөрүн мыйзамсыз чыгарууну токтотуу, аныктоо жана алдын алууга багытталган эң зарыл чаралар көрүлөт", — деп билдиришкен Финполдун басма сөз кызматынан.

Анын аркасынан Бажы кызматынан жооп келди.

"Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүктөрү тарабынан Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында өткөрүү жана бажылык каттоо пунктуларында мазуттан башка мунай жана мунай өндүрүмдөрүн мыйзамсыз чыгаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү көчмө иш-чаралар өткөрүлүүдө", — дешти аталган мекемеден.

Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдан тарта "Баткен" бажысы тарабынан Өзбекстанга 2,6 тонна жана Тажикстанга 16 тонна дизелди мыйзамсыз чыгаруу фактылары боюнча материалдар каралганын кошумчалады.

127
Белгилер:
чара, баалар, Баткен, аткезчилик, экспорт, импорт, мунай
Тема боюнча
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу үчүн мобилдүү топтор иштеп жатат
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесинде

Өкмөт суу май жана кумшекер өндүргөндөр менен түз келишим түзүүнү карап жатат

213
(жаңыланган 18:10 06.03.2021)
Премьер-министр азык-түлүк жарманкесине барды. Ал өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов во время посещения сельскохозяйственной ярмарки в Бишкеке.
    Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов во время посещения сельскохозяйственной ярмарки в Бишкеке.
    Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов во время посещения сельскохозяйственной ярмарки в Бишкеке.
    Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов во время посещения сельскохозяйственной ярмарки в Бишкеке.
    Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Люди покупают товары в сельскохозяйственной ярмарке в Бишкеке
    Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкеси
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 5
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.

"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.

Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.

213
Белгилер:
май, Кумшекер, кымбаттоо, калк, баа, азык-түлүк, Улукбек Марипов, премьер-министр
Тема боюнча
Былтыр Кыргызстан 6 миң тонна грек жаңгагын экспорттоду. Алган өлкөлөр
Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү
Финпол кызматкерлери. Архив

Финполду кандай кылып жоюшат, кызматкерлери кайда барат? Комиссиянын жообу

18
(жаңыланган 15:47 09.03.2021)
Комиссия төрт топко бөлүндү, бүгүн алардын алгачкы отуруму өттү. Финполду жое турган комиссиянын мүчөлөрү кандай иштерин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.

Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив
© Фото / пресс-служба ГСБЭП при ПКР
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.

Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчии отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.

Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:

  • Биринчи топ Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин мындан аркы тагдырын чечип жана үч айлык маянанын өлчөмүндө кенемте төлөп берүү маселесин карайт;
  • Экинчи топ ыкчам-тергөө тобу болот. Комиссиянын бул топто иштеген мүчөлөрү ачылган кылмыш иштеринин материалдарын андан ары кимге берүү маселесин карайт. Анткен менен Финполдун милдетин аткара турган мамлекеттик орган аныктала элек;
  • Үчүнчү топ Финполдун мүлкүнүн эсебин алып, каттайт. Анын ичинде бухгалтериясын, оргтехникаларын жана имаратын да карашат;
  • Төртүнчү топ уюштуруу жана укуктук маселелер боюнча иш алып барат, тагыраагы, кызматты жоюу иштерин документтештирет.

Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.

"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.

Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.

Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.

18
Белгилер:
комиссия, Сыймык Жапыкеев, финансы полициясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Финполду жоюу боюнча комиссиянын курамына киргендер. Тизме