БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия экономикалык бирикмесине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен сүйлөшүп жатып, авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселесин койду.
Марипов Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда башка өлкөлөргө каттоо боюнча чектөөлөр мигранттарга бир топ көйгөй жаратып жатканын айтты.
"Учурда зарыл болгон өлкөлөргө жетиштүү өлчөмдө жумушчу күчтөрдү алып баруу жана мигранттарды кызмат ордуна кайтаруу үчүн чектөөлөрдү жоюу, ошондой эле аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселеси турат", — деди Марипов.
Мындан тышкары, ал орун которуу эркиндигин камсыздоо үчүн ЕАЭБдин алкагында санариптик мейкиндик түзүү зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өкмөт алдыдагы 100 күндүн ичинде аткарыла турган планын бекитти.
План президент Садыр Жапаровдун жарлыктары менен премьер-министр Улукбек Мариповдун министрлерге койгон тапшырмаларынын алкагында түзүлгөн.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, белгиленген долбоорлор менен программалар бюджеттин эсебинен жана донорлордун колдоосу менен ишке ашат.План калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, бизнес, коомчулуктун актуалдуу суроолоруна реакция кылуу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу сыяктуу блокторго бөлүнгөн.
Документте 50 иш-чара камтылган.
Пландагы негизги маселелер:
Документтин толук тексти менен өкмөттүн сайтынан окуңуздар. Ал жактан иш-чаралардын планын көчүрүп алууга болот.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстандын аймагына 10 күндүн ичинде миңдеген малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалым каты жана башка коштоочу документтери болгон эмес.
"Тактап айтканда, 10 күндүн ичинде 847 баш ири мүйүздүү малды, 62 майда жандык, 120 жылкыны жана 36 миң 200 балапанды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн мобилдүү топко берилди.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.