Кыргызстан ЕАЭБдеги инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов ЕАЭБдин жыйынында
Премьер-министр Улукбек Марипов ЕАЭБдин жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн негизги максаты калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо экени белгиленди.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов ЕАЭБдин аймагында инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча иштерди баштоо сунушун берди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышып жатып бирдиктүү инфраструктуралык долбоорлорду жана чек аралык түйүндөрдү ишке ашыруу менен ЕАЭБдин потенциалын ачууга жардам берерин айтты.
Ал ошондой эле негизги максат калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо экенин белгиледи.
"Интеграция ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынын жыргалчылыгын камсыздоо үчүн кызмат кылышы керек. Биз уюмга мүчө мамлекеттер менен биргеликте евразиялык дүң-логистикалык комплекстерди түзүү менен соода жана транзиттик потенциалыбызды колдонууга даяр экенибизди билдиргим келет. Бул маселени практика жүзүндө ишке ашырууга убакыт келип жетти", — деди Марипов.
Ал ошондой эле аймактык жана улуттук өнүктүрүү институттары биринчи кезекте каржылашы керек болгон инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча иштерди баштоо сунушун берди. 
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Марипов ЕАЭБ жыйынында аба каттамдарын көбөйтүү маселесин көтөрдү
"Мындай долбоорлорго инвестиция тартуу менен уюмга мүчө мамлекеттердин экспорттук потенциалын кеңейтүүгө шарт түзөт. Бул өз учурунда мамлекеттер аралык товар жүгүртүүнү жана экономикалык алаканы жакшыртат", — деди Марипов.
Эске салсак, Евразия экономикалык бирикмесине Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчө.
Жаңылыктар түрмөгү
0