БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанга Үрүмчүдөн ишкерлердин товарларын арткан 47 контейнерлүү вагону менен алгачкы экспресс поезд келди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков билдирди.
Чиновник бул боюнча видео маегин соцтармакка чыгарып, жүк ташуучу поезддин келишин маанилүү окуя деп белгилеген.
Новиковдун айтымында, контейнерлерде "Дордой" базарынын соодагерлеринин товарлары менен кошо башка ишкерлердин да жүктөрү келген. Ал күзүндө Өкмөт үйүнүн алдында бир канча айдан бери Кытайдан товарлары келбей жаткан ишкерлер митинг уюштурганын белгиледи. Ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров маселени чечүүнү тапшырган. Новиковдун билдиришинче, анын жыйынтыгында ишкерлердин жүктөрүн айына эки ирет поезд менен алып келүү боюнча макулдашууга кол коюлган.
"Биз мурда алып өтүп келген көлөмгө жете элекпиз. Деген менен алгачкы кадамдар жасалды. Өкмөт кабыл алган чечимдер бул жааттагы көйгөйдү жеңилдетип, ишкерлердин толук кандуу иш жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз", — деген Новиков.
Ал кошумчалагандай, темир жол аркылуу ташуулардын көлөмүн айына бир миң вагонго жеткирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Мындан сырткары, учак менен ташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо каралууда.
Новиков буга чейин жеке поезддер каттап, чийки зат ташыгандыгын жана мультимодалдык темир жол транспорту биринчи жолу практикаланып жаткандыгын белгиледи.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 25-февралга карата кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов.
Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады.
Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи.
Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда.
"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү.
Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө убадасын берди.
Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.
Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.