БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев Бишкекте муниципалдык банк ачуу ниетин билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровго бир нече сунуш айтканын, алардын эң негизгиси муниципалдык банк ачуу экенин белгиледи.
"Биз бардык активдерибизди, кирешелерди, которууларды, эсептерди өзүбүздүн банкка которобуз. Бул боюнча иштерди баштайбыз. Өзүбүздүн банк аркылуу автобус чыгарган заводдор менен иштешүүгө жеңил болот. Шаарга сапаттуу, жакшы автобустарды лизинг түрүндө алып келүү үчүн бардык бюджеттер боюнча аудит жүргүзүп, каражат издейбиз. Транспорттор россиялык же европалык болушу мүмкүн. Кытайдыкын көрдүк, андай ката кайра кайталанбашы керек деп ойлойм", — деди Нургазиев.
Ошондой эле ал мэрияны жана башка бардык шаардык кызматтарды санариптештирүүгө белсенип турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады. Видеодон ал сүйлөп жатып көзүнө жаш алганын дагы байкоого болот.
"Бул сапар мага аябай көп эмоция берди. Ата-энелер өз балдарынан ушундай мамиле көрүүгө татыктуу эмес", — деп жазган Марипов.
Ошондой эле ал карылар үйүндөгү энелер жалгыз эмес экенин айтып, алар баарыбыздын ата-энебиз катары камкордукка алынарын белгилеген.
Андан соң премьер-министр боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынан абалы начар жарандардан кабар алып, ал-жайын сураган.
Ведомство тарабынан скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылып, Марипов алып берүүнү убадалаган.