Жапаров: сырткы карыздан кутулбасак, бир топ объектилерден айрылабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Өлкө башчысы мамлекеттик кызматта адвокатым, досум, тууганым деген принцип менен иш улана турган болсо алдыга жылуу мүмкүн эместигин белгилеген.
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Эгер сырткы карызыбыздын айрымдарын төлөй албай калсак, бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюлган экен. Бул тууралуу президент Садыр ЖапаровКабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Өлкө башчысы мамлекеттик кызматта адвокатым, досум, тууганым деген принцип болбош керектигин белгилеген.
“Досум, тууганым деген принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп Атамбаев кол коюп койгон экен. Бирок, кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар”, — деди Жапаров.
Президент Раим Матраимов боюнча сот чечими жана муфтият боюнча дагы жеке пикирин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0