БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан тарта “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит бериле баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Марипов бүгүн жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү.
“Өкмөт айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Ал эми 15-февралдан тарта дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү башталат. Ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан базар баасынан 30 пайызга төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлөт”, — деди Марипов.
Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана басымдуу болуп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн дагы белгиледи.
“Өткөн жылы республика боюнча 56,6 миң гектар жер иштетилбей калган. Быйылкы жылы биз ал көрсөткүчтү 7 миң гектарга кыскартууга ниеттенип жатабыз”, — деди өкмөт башчы.Улукбек Марипов район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.
“Мен жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн аймактарга эскертүүсүз барайын деп жатам. Фермерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйү жана жергиликтүү бийлик органдары тараптан аларга көрсөтүлүп жаткан көмөгү тууралуу билейин деп жатам”, — деди ал.Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы президенттин “Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу иретинде өкмөт кластердик ассоциациялар менен кызматташтык механизмин жайгаруусу, ар бир облуста айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борборлорду түзүүсү, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүүсү, мал чарбачылыгы продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуусу зарыл экендигине басым жасады.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.