Жыл ичинде өлкөдө кайсы малдын саны өсүп, кайсынысы азайган? Тизме

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТөөлөр. Архив
Төөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Декабрь айында Улуттук статистика комитети менен Айыл чарба министрлиги мал жана үй канаттууларынын санын эсептеп, жыйынтыгын жарыялашкан.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда эшек, чочко, коён жана үй канаттуусунун саны азайган. Бул тууралуу Статистикалык комитет кабарлады.
Өткөн жылдын декабрь айында аталган комитет менен Айыл чарба министрлиги мал жана үй канаттууларынын санын эсептеп, жыйынтыгын жарыялашкан.
Төмөндө 2019-жылдын аягы менен 2020-жылдагы маалыматтар салыштырылды.
Көбөйгөндөр:
  • Ири мүйүздүү мал — 1 миллион 715,8 миң баш (35 миңге көп );
  • Майда жандык — 6 миллион 278, 6 миң баш (12 миңге көп);
  • Жылкы — 539, 6 миң баш (17 миңге көп);
  • Төө — 256 баш (9га көп).
Азайгандар:
  • Үй канаттуусу — 6 миллион 70, 4 миң ( 140,7 миңге аз)
  • Чочко — 29,5 миң (5,3 миңге көп);
  • Эшек — 27, 6 миң (855ке аз);
  • Коён — 22 миң (8,8 миңге аз).
Жаңылыктар түрмөгү
0