Премьер-министр Марипов азык-түлүктү арзандатуунун төрт жолун айтты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКиши дүкөндө суу май тандап жаткан учурда. Архив
Киши дүкөндө суу май тандап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы базарларды кыдырып көргөнүн белгилеп, азык-түлүктү бир аз болсо дагы арзандатуу үчүн бир нече тапшырма берген.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Азык-түлүктүн кымбатташы коомчулукка оорчулук жаратууда. Базарларды кыдырып, бул боюнча толук маалыматы бар экенин премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Ал суу май эле 163 пайызга кымбаттап кеткенин белгилеген. Ошондой эле азык-түлүктү бир аз болсо дагы арзандатуу үчүн төрт тапшырма бергенин белгиледи.
Алар:
  • Россия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн Кыргызстанга товар жеткиргендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Ишемби-жекшемби сайын уюштурулуучу жарманкелерди аймактарга чейин жайылтуу жана аны туруктуу өткөрүүгө шарт түзүп берүү;
  • Сырттан импорттолгон суу майдын (85 пайызы импорт менен келет) жок дегенде 50 пайызын Кыргызстанда өндүрүү боюнча Айыл чарба министрлигине тапшырма берилди;
  • Эт маселеси боюнча керектөөчүлөр менен өндүрүүчүлөргө ылайыктуу боло тургандай жолдорду издөө тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0