Мындай көрүнүш акыркы 100 жылдан бери бешинчи ирет кайталанууда. Суперциклдин дүйнөлүк экономикада кандай мааниге ээ экени тууралуу макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
2020-жылы мунай тармагы бир нече жолу өйдө-төмөн болду. Мунун көп себеби бар, негизгилери — суроо-талаптын кескин түшүп кеткен маалында өндүрүштүн эселеп көбөйүшү, пандемия жана чектөөлөр. Мартта нефтинин баасы эки эседен көбүрөөк арзандады. Бирок күздүн соңунда батышта вакциналардын сыноодон ийгиликтүү өтүшү, АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы нарктын жогорулашына өбөлгө болду. Жашыл технологиялардын жактоочусу Жо Байден Дональд Трамптан айырмаланып америкалык мунайчыларды колдоодон алыс. Ошентип отуруп сегиз айдан кийин биринчи жолу баа максимумдук чекке жетти. Өндүрүштү чектөө боюнча ОПЕК+ уюмунун чечими дагы баанын андан ары жогорулашын шарттады. Натыйжада ушу күндө нефтинин бир баррели 63 доллардан сатылып жатат.
Мындай динамика тармак акырындап калыбына келип жатканынан кабар берет. Мындан аркы өсүү биринчи кезекте жашыл экономикага өтүүгө шашылбаган Азия мамлекеттеринде суроо-талаптын жогорулашы менен шартталмакчы.Болбосо бир ай мурун туруксуз кырдаалдан улам божомолдор да көңүл жубатарлык эмес эле. Эл аралык Fitch рейтинг агенттиги вакцинацияны эртелетүү менен гана кандайдыр бир жылыштарды күтүп жатканын жарыялаган.
JP Morgan Chase ири инвестициялык банкынын экономисттери февралдын башында чийки зат рыногунда өсүүнүн жаңы суперцикли башталганын айтып чыгышты. Адистер мында айыл чарба продукциясынын, металлдын кымбатташын, баррели 50 долларга баалана баштаганын негиз келтиришти.
Акыркы 100 жылда рынокто төрт ирет суперцикл болгон. Соңкусу 1996-жылы башталып, 12 жыл жогорулоонун үстүндө болуп 2008-жылы жетер чегине жеткен. Буга көмүр суутектин активдүү колдонуучусу Кытайдын экономикалык жактан өнүгүүсү да жардам берди. Ал эми азыркы суперцикл пандемиядан кийинки калыбына келүү процесси, акча-кредиттик жана бюджеттик саясаттын өтө эле жумшактыгы, доллардын алсыздыгы, инфляциянын ылдамдашы жана экологиялык саясат менен шартталууда.
Платина менен жезге да суроо-талап күч болуп турат. RJO Futures активдерин көзөмөлдөгөн Жон Крузо платинага болгон суроо-талап сунуштан көп экенин, жездин запасы он жылдык минимумга жакындаганын белгиледи.
"Нефть ашкере сунуш кыскарып пандемиянын чеңгелинен кутулуп келе жатканын көрсөтүүдө", — деп жазат Bloomberg.
Уолл-Стрит пандемиядан кийин экономиканын тез арада калыбына келерине басым жасоодо, демек чийки зат рыногунда узак убакытка чейин дүркүрөп өсүү болору болжолдонууда.
Товар рыногунда баанын өсүшүн Goldman Sachs Group, Bank of America, Ospraie Management сыяктуу финансылык гиганттар да күтүп жатат. Алар деле экономиканы колдоо үчүн ири долбоорлорду жана жапырт вакцинацияны негиз келтиришүүдө.
Goldman Sachs төртүнчү кварталда нефтинин бир баррели 65 долларга чыгарын божомолдоп жатат. Бирок кышында керектөө суткасына үч миллион баррелге чейин кыскарарын кошумчалады. Бул Кытайдын суроо-талабынын айрым бөлүгүн гана жабары да айтылды.
Bank of America (BofA) мунай жыл жарымына чейин 60 долларга жетерин белгилеп жатат. Банктын баамында дүйнөлүк керектөөнүн жарымын камсыздаган отунга суроо-талап суткасына 1,6 миллион баррелдик таңсыктыкты жаратат. ОПЕК менен Эл аралык энергетика агенттиги да жылдын экинчи жарымында суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн кыйла жогору болорун божомолдошууда. Бул пандемия башталгандан бери ашыкча өндүрүлгөн нефтинин запасын азайтмакчы.Citigroup жыл соңунда Brent баасы 70, ал эми WTI 68 доллардан сатыларын жоромолдоп жатат. Сауд Аравиясы башында турган өндүрүшчүлөрдүн нефть казууну кыскартышы рекорддук запастан арылууга жардам берери айтылды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жапаров иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттердин планына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн.
Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.
Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышкан. Алар: "Ренова" компаниялар тобу" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, "Сколково" жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, "Сколтехтин" (Сколково илим жана технологиялар институту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, "Россия темир жолу" ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, "Газпром нефть" ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электр энергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, "Артпол Холдинг" ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, "Ростелеком" ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле "ФосАгро" ПАК, "ВымпелКом" ПАК, "Хюндай Мотор СНГ" ЖЧК, "Северсталь" ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучулар бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.Эске салсак, кечээтен бери Жапаров Россияда жумушчу иш сапар менен жүрөт. Алгач Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулап, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.
Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.
Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.