БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бир жылдын ичинде Кыргызстандын алтын запасы 33 миллиард 737 миллион сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта жазылган.
Үстүбүздөгү жылдын 31-январына карата алтындын запасы 64 миллиард 768 миллион сомго, ал эми өткөн жылдын январь айынын аягында 51 миллиард 31 миллион сомго бааланган. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөнүн алтын корунун рекорддук наркы.
Ал арада Лондондун баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксинги 279 долларга жогорулап, 1860тан ашты. Бул жерде троялык унция алтындын баасы 31,1 грамм болгону тууралуу айтылууда.Улуттук банктын төрагасы өткөн жылдын август айында алтын-валюта резервинин көлөмү тарыхый рекордго жеткенин, ички рынокто алтынды активдүү сатып алуу менен 3 миллиард доллардан ашканын айткан.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.