БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү. Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан. Ал өз сөзүндө курулуш тармагы өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналарын айтып, ИДПдагы үлүшү 10 пайызды түзөрүн белгиледи.
"2020-жылы пандемиядан улам экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын кыскаруусуна карабастан 900 миң чарчы метрден ашуун турак жай пайдаланууга берилген. Инвестициянын көлөмү 46 миллиард сомдон ашты. Бүгүнкү күндө биз көптөгөн жылдар бою аталган тармакта чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, ал милдеттерди комплекстүү негизде чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз үчүн курулуш тармагын өнүктүрүү маанилүү, анткени ал өлкөнүн инфраструктуралык өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет", — деди Марипов.
Премьер-министр курулуш компанияларынын жетекчилерине кайрылып, жаңы долбоорлорду курууда жана пландаштырууда жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду.
Марипов белгилегендей, көрсөтүлгөн көйгөйлөр көптөн бери курч турат.
"Аларды артыкчылыктуу принциптен чыгуу менен ырааттуу чечүү керек. Коюлган милдеттерди ыкчам чечүүнүн ордуна, тескерисинче, бизнеске тоскоолдук келтирген кайталанма органдарды кыскартуу керек. Коррупциялык механизмдер жана кандайдыр бир жактардын кызыкчылыгын сүрөө ушинтип башталат. Айрым учурда курулуш тармагынын ишкерлери оңдуу техникалык шарттарды, документтерди алуу үчүн мекеме өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышууга туура келет. Бул коррупцияга алып барат. Муну менен күрөшүү зарыл. Курулуш тармагын өнүктүрүү жолу менен баруу кажет, жаңы турак жайлар сапаттуу, кооз жана заманбап курулушу керек", — деди өкмөт башчы.
Жолугушуунун соңунда Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялап, өркүндөтүү боюнча иш алып барууну тапшырды.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекеттик Бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына, Финполго, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине мунайды жана мунай заттарын мыйзамсыз ташыгандарга бөгөт коюу тапшырмалары берилген.
Аталган чечим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирди. Кененирээк өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн логистикалык борбор ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанда мамлекеттик иш сапары менен жүрөт. Ал жактан Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
"Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына логистикалык борбор түзүү иштерин тездетүү тапшырылды. Борбор ишке кирсе Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан тоскоолдуксуз товар өткөрүүгө шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары транспорттук жана транзиттик потенциалды мындан ары дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ал үчүн эки тарап тең биринчи ирет кыргыз-казак аймактар аралык форум өткөрүүгө кызыкдар болуп жатышат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Коронавирустун "нигериялык" штаммы Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия провинциясынын Брешия шаарында табылды. Бул тууралуу ANSA агенттиги Италиянын вирусологдор коомунун президенти, микробиологиялык лабораториянын директору Арнальдо Карузого таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин билдиришинче, бул штамм улам-улам мутацияланып турат, учурдагы вакциналар натыйжасыз болушу мүмкүн.
Нигерияда коронавирустун жаңы штаммы табылганы декабрь айында маалым болгон. Африкалык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, жаңы вариант Нигериянын Осун штатында чогултулган үлгүлөрдүн арасында эки бейтаптын анализин изилдөөдө табылган.
Буга чейин декабрдын орто ченинде Улуу Британияда коронавирус — VUI-202012/01 мутациясы табылган. Кийинчерээк ал мурунку вируска салыштырмалуу 56-70 пайызга тезирээк тарай турганы маалым болгон. Ошондой эле бул штамм бейтаптарды өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылган болчу.