БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылы 490,6 тонна табигый бал сатканын Улуттук статистика комитети билдирди.
Бал жалпы жонунан 1 миллион 740 миң долларга, башкача айтканда, 136,5 миллион сомго сатылган.
Таттуу азык төмөнкү мамлекеттерге экспорттолгон:
2019-жылы 13,6 тоннага көбүрөөк бал сатылган болчу.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.
"Март айында баалар өсөт. Жеке компаниялар чыгым тартыш үчүн иштебейт. Алардын маржасы минималдуу. Мартта баалар сөзсүз өсөт. Божомолубуз боюнча 6-7 сомго кымбаттайт", — деди Эшатов.Буга чейин аталган ассоциация 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Башкы көзөмөл органы аймактардагы прокуратура бөлүмдөрүнүн ишеним телефондору иштей баштаганын маалымдады.
Анын максаты жеке бизнеске укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдары негизсиз кийлигишип, ошондой эле ишкерликке тоскоолдук жаратып жатса түз арыздануу үчүн шарт түзүүгө багыттталганы белгиленет. Ага ишкерлер күнү-түнү чала алышат.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында аймактарда дагы ишеним телефону иштеп баштады. Буга чейин Башкы прокуратуранын дагы ишеним телефону (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54) ачылганын эскертет", — деп айтылат маалыматта.
Аймактык прокуратура органдарынын номери: