Улуттук банктын эсептик чени көбөйдү. Чоо-жайы

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банк. Архив
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Эсептик чен — бул Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын пайыздык өлчөмү. Акыркы жолу ал 2015-жылы 5,5 пайызга көтөрүлүп, андан кийин төмөндөтүлүп гана келген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Улуттук банк эсептик ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу маалымат башкы банктын расмий сайтына жарыяланды.
Көрсөткүч жарым пайызга жогорулап, 5 пайыздан 5,5 пайызга көтөрүлдү.
Эсептик чен — бул Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын пайыздык өлчөмү. Ал канчалык жогору болгон сайын коммерциялык мекемелер дагы элге берген насыянын пайызын жогорулатат. Эсептик чен-өлчөмдү инфляцияны ооздуктоо максатында жогорулатышат. Бирок экономиканын өсүү ыргагы төмөндөйт.
Миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Улуттук банк: баалардын өсүшү жылдын ортосуна барып турукташат
Улуттук банк пандемиядан улам эл аралык сооданын көлөмү төмөндөшү байкалып, дүйнөлүк рынокто олку-солку жагдай сакталып тургандыгын белгилейт. Бул фактор дүйнөлүк экономиканы ооздуктап тургандай эле Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө да терс таасирин тийгизгени айтылды.
Дүйнөлүк рынокто баалардын өсүшүнөн улам Кыргызстанда дагы инфляция өскөнү байкалган (2020-жылдын февралынан ушул жылдын февралына чейин 10,2 пайыз). Инфляциянын өсүүсү жылдын орто ченине чейин тездеп, андан соң акырындык менен турукташып жыл соңунда бир калыпка келери болжолдонууда.
Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын акырындап калыбына келиши күтүлүүдө, бул орто мөөнөткө каралган келечекте тышкы талапты камсыз кылуу үчүн республикада экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына өбөлгө түзөт.
"Дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү Кыргызстанда да керектөө бааларынын жакынкы мезгил аралыгында жогорулашынын сакталып турушун шарттайт. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк пайыздык ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт", — деп белгиледи Улуттук банк.
Эске салсак, 2015-жылы дагы 5,5 пайызга көтөрүлүп, андан кийин төмөндөтүлүп гана келген. Акыркы жолу эсептик чен өткөн жылдын февраль айында 4,25 пайыздан 5ке көбөйгөн болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0