Кыргызстандагы кендерди мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн жумушчу топ түзүлдү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖалал-Абад облусунун Чаткал районундагы жайгашкан Терек-Сай кени
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы жайгашкан Терек-Сай кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Атайын жумушчу топ президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгынын негизинде түзүлгөн. Топтун мүчөлөрү мыйзамсыз иштерди көзөмөлдөйт.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдарды алдын алуу жана пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга көзөмөлдү күчөтүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Мындай чечим президенттин "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
"Ведомстволор аралык жумушчу топ жер казынасын пайдалануу объектилериндеги көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн иш-чаралар планын иштеп чыга алат. Ошондой эле зарыл болгон учурда меселени чечүү үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана коомдук активисттерди ишке тартууга укуктуу", — деп айтылат маалыматта.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0