ЕАЭБ чек арасында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арада көзөмөлдү өтүп жаткан жүк ташуучу унаа. Архив
Чек арада көзөмөлдү өтүп жаткан жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Бажы чек арасын кесип өтүүдө да экинчи ирет кайталап текшерүү ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып келгени айтылат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
ЕАЭБде бирдиктүү транспорт саясаты жүрөт. Долбоор макулдашуудан өттү
Мурда товарды коштоочу документтерге ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама да талап кылынчу. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, мындай жагдай ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып келгени айтылат.
"Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, коштоочу документтердин тизмесинен алып салуу чечими кабыл алынды. Бул КРдин "бир аялдама" принциби боюнча товар экспорттоого мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул токтом бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салбай турганы белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0