Май куюучу жайларда май куюу пистолеттер. Архив

Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү

(жаңыланган 14:19 01.03.2021)
Кыргызстандагы нефтретрейдерлер күйүүчү майдын баасы боюнча учурдагы абал, кымбаттоонун дүйнөлүк тенденциясы туурасында айтып беришти.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жыл башынан тарта Кыргызстанда бензиндин баасы литрине 4,9 сомго өстү. Бул туурасында Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Ассоциация 2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышты. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.

"Республиканын май куюучу бекеттеринде бензиндин чекене баасы бир литрине 13,8 пайызга, тагыраагы, 4,9 сомго кымбаттаган. Нефтетрейдерлер ассоциациясынан аталган продукциянын наркынын КР рыногунда кескин өзгөрүлүп жана тартыш болуп кетпеши үчүн болгон аракетин кылат", — деп айтылат маалыматта.

Ассоциациядагылар баанын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири катары сомдун долларга карата болгон девальвациясын аташкан. Сомдун баасы былтыр 21 пайызга түшүп кетип, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майга 6-7 сом кошулган. Алардын маалыматына караганда, кыргыз сомунун былтыркы девальвациясы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен салыштырып карай келгенде байкаларлык болгон. Мисалга алсак, армян драмы Тоолуу Карабахтагы чатактарга карабастан болгону төрт пайызга гана арзандаган.

Россиядагы мунайды кайра ишетүүчү заводдордогу баанын көтөрүлүшүнүн себептери:

  • 2020-жылдын соңунан тарта нефть продукцияларына болгон суроо-талап дүйнө экономикасынын калыбына келе башташы менен өскөн;
  • нефть продукцияларынын наркы эл аралык соода биржаларында аныкталат, баа суроо-талапты эске алып анан жаралат;
  • нефтиге болгон баанын дүйнөдө өсүп кетиши быйыл Brent үлгүсүндөгү майдын баррелине жараша 51,5 доллардан 67 долларга чейин көтөрүлүп кетишинде болду;
  • жыл башынан тарта Россиянын күйүүчү май рыногундагы тартыштык Хабаровскидеги мунайды кайра иштеткен заводдогу техникалык маселелерден улам да келип чыккан. Бул Ырааккы Чыгышка РФтин башка аймактардагы үч заводу менен Росрезервден ташышына себеп болду.
Белгилер:
кымбаттоо, бензин, валюта, курс, сом, девальвация, Кыргызстан
Тема боюнча
Салык кызматы: декларация тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт, жетишип калгыла
Кыргызстанда мартта күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн. Себеби
Унаага май куюу. Архив

Кыргызстанда акыркы үч күндө бензин дагы кымбаттады

(жаңыланган 16:40 11.04.2021)
Апрель айынын ичинде бензин алты, дизель майы тогуз пайызга өскөн. Божомолдор боюнча баа дагы өсөт.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бааларды анализдеп көргөндөн кийин май куюучу жайлардын биринде бензиндин баасы кымбаттап кеткенин байкоого болот.

Бейшемби, 8-апрель күнү, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 46,9, ал эми АИ-95 үлгүсү 48,9 сом турган. Эми 0,6 сомго кымбаттап 47,5 жана 49,5 сомдон сатылып жатат. Дизелдик майдын баасы ошол бойдон.

Быйыл күйүүчү май кымбаттагандан кымбаттап бара жатат. Божомол боюнча баа дагы өсөт.

"Апрель айынын ичинде бензин алты, дизель майы тогуз пайызга кымбатташы мүмкүн", — дешти Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан.

Буга мунайдын кымбаттап кеткени себеп болууда.

Белгилер:
дизель, баа, бензин, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкөдө бензин кымбаттоодо. Май эмнеге Казакстан, Азербайжандан ташылбайт
Кыргызстанда апрель айында күйүүчү май дагы кымбаттайт
Эки тоонун чөбүн эңсеп... АКШ россиялык мунайды рекорддук көлөмдө сатып алды
Май күйүүчү жайы. Архив

Күйүүчү май өлкөнүн кайсы аймагында баарынан кымбат сатылууда. Статистика

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май кымбаттап жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга дүйнөлүк рыноктогу баалардын көтөрүлүшү себеп болуп жатканын айтып келет.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы өсүп жатканын Улуттук статистика комитети кабарлады.

8-апрелге карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы орто эсеп менен 47,94 сомду түзүп, өткөн айдын ушул күнүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо  көрсөткүчтөн Баткен (бир литри 51,22 сом), Исфана (50,91 сом), Кара-Суу, Ноокат (48,70 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми минималдуу баалар Нарын шаарында (бир литри 46,40 сом), Балыкчы (46,70 сом) жана Чаек айылында (46,90 сом) катталды.

Дизель майы дагы өлкөнүн ошол эле түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 44,70 сомдон тарта 47,83 сомго чейин алууда.

Белгилер:
статистика, Кыргызстан, Күйүүчү май, баа
Тема боюнча
Кыргызстанда апрель айында күйүүчү май дагы кымбаттайт
Кыздар көчөдө бара жатат. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Дүйшөмбүгө караган түнү Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. 12-апрелде күндүз Баткен облусунун айрым райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бийик тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +22...+24, Ошто +23...+25 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы