Дары-дармек склады. Архив

Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган

(жаңыланган 13:59 02.03.2021)
Көзөмөл органы текшерүү учурунда министрликте дары-дармек сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда мамлекеттин казынасына 3 миллион 500 миң сом зыян алып келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл органы текшерүү учурунда министрликте дарыларды сатып алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

"Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын эсебинен коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн алкагында башка дары-дармектер менен катар лопинавир/ритонавир препаратын сатып алганы аныкталды. Кийинчерээк ал банк тарабынан баалоо баскычында сатылып алынган дары-дармектердин тизмесинен чыгарылган.

Бирок буга карабастан, министрлик чукул зарылчылыктан улам 2020-жылдын 13-апрелинде республикалык бюджеттин эсебинен "М" ЖЧКсы ишканасынан жалпы баасы 3,5 миллион сомго калидавир (аналогдук) дарысын түз сатып алган. Препарат ошол боюнча кампада турат, эч бир ооруканаларга бөлүштүрүлгөн эмес.

Учурда убактылуу клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясына ылайык, лопинавир/ритонавир дарылоодо колдонуудан чыгарылган.

Аталган министрликтин жетекчилиги жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 3,5 миллион сомдук бюджеттик каражат негизсиз пайдаланылып, калидавир дарысы алынган. Муну менен казынага ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ишти ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн текшерүүнүн материалдары Башкы прокуратуранын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Белгилер:
текшерүү, мыйзам бузуулар, мамлекеттик сатып алуу, дары, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Финпол салыктан качкан Beeline компаниясынан 112 млн. сом өндүрдү
Көп кабаттуу үйдүн курулушу. Архив

Кыймылсыз мүлккө акча салуу пайдалуубу? Артыкчылыгы, кемчилиги

Кыргызстанда батир сатып алып, аны кийин ижарага берүү менен пайда табуу жолу бар. Sputnik Кыргызстандын редакциясы салымдын бул түрүнүн артыкчылык-кемчилигин карап көрдү.

Үстүңдө үйүң болгонуна не жетсин! Бул ойго кошулбагандар чанда чыгар. Конуштуу болгон киши батирден-батирге көчмөйдөн же туугандардыкында батышып баш калкалагандан кутулат .

Там-таштуу болуунун айласын издеп көпчүлүк карызга батып же ипотека алат. Бирок биз бул материалыбызда кыймылсыз мүлккө байланышкан башка бир жагдайга токтолууну чечтик: өлкөдө турак жайга салым салуу менен пайда табууга болобу?

Артыкчылыгы

Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова борбор шаардан батир сатып алуу инвестициялоонун бир түрү экенин айтат. Мисалы, ал банкта депозит кармагандан көрө ушул вариантка көбүрөөк ыктайт.

Директор одного из агентств недвижимости в Бишкеке Елена Гононова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова
"Банктын иши токтоп калышы ыктымал, бир топ мезгилден бери мындай көрүнүш кайталана элек деңизчи. Бирок андай болуп калса, сизге салымыңыздын бир бөлүгү гана кайтарылат (200 миң сомго чейинки гана аманаттар — ред.)", — деди ал.

Дагы бир жакшы жагы — уттурбайсыз, баа дээрлик түшпөйт. Сатып алган убактагы эле каражатты кайра чыгарып алууга болот.

"2014-жылдан бери доллар менен бычылган баа өзгөргөн деле жок. Башкача айтканда 2014-жылы сатып алынган батирди азыр деле ошол акчага сатууга болот. Наркында азыраак өзгөрүү байкалат. Андан бери эконом-класстагы үйлөр кымбаттады. Анткени аларга талап чоң. Элиталык турак жайлардын баасы бир аз арзандай түштү", — деп түшүндүрдү Гононова.

Кошумча вариант

Ашыкча кыймылсыз мүлкүңүз зарыл учурда сизге запастык вариант болуп бериши мүмкүн (жашап турган үйүңүз табигый кырсык же дагы бир көйгөйлөрдөн улам бузулса же карызыңыз үчүн алдырып жиберсеңиз). Балдарыңыз үйлөнгөндө бөлүп койсоңуз да ажеп эмес. Ошондой эле акчага зарыгып калсаңыз күрөөгө кое турууга да батир дурус вариант.

Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве
© Sputnik / Евгений Биятов
Балдарыңыз үйлөнгөндө бөлүп койсоңуз да ажеп эмес. Ошондой эле акчага зарыгып калсаңыз күрөөгө кое турууга да батир дурус вариант

Туруктуу киреше

Ижарага берсеңиз ай сайын кошумча киреше алууга болот. Шартыңызга жараша керектеп же дагы бир башка ишке салым салууга жарайт. Кокус жумуштан кетип же башка киреше булагынан ажырап калган убакта кыймылсыз мүлк жагдай жайгарылганга дейре кыйналбай жашап турууга көмөкчү болот.

Эми бул багыттын кемчиликтерине токтололу. Алардын айрымдары артыкчылыктарынын дал карама-каршысы.

Салыктар

Турак жайды ижарага берүүдө патент сатып алууга туура келет. Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында Бишкек шаары боюнча бир айлык чендер төмөнкүчө көрсөтүлгөн:

  • Калаанын чордонундагы бир бөлмөгө — 1500 сом. Бөлмөгө улам 500 сомдон кошулуп отурат. Мисалы, эки бөлмөгө – 2000 миң сом, үч бөлмөлүү батирге – 2500 сом;
  • Турак жай аймактары, жаңы конуштарда — бир бөлмөгө 500 сом, улам бир бөлмөгө 300 сомдон кошулат;
  • Бишкектин калган райондорундагы батирлер — бир бөлмөгө 800 сом, улам кийинкисине 400 сомдон кошулат.
Кыргызские монеты через лупу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Турак жай аймактары, жаңы конуштарда — бир бөлмөгө 500 сом, улам бир бөлмөгө 300 сомдон кошулат

Өзүн актоо мөөнөтү

Ижарага берилген турак жайдын өзүн-өзү акташы бир топ убакытты алат. Маселен, Бишкектеги бир бөлмөлүү батир кеминде эле 20-25 миң долларга келсе, анын ижара акысы 200 доллардан азыраак. Башкача айтканда ал өзүн эң аз дегенде 10 жылда барып актайт.

Ижарачылар ынанымсыз чыгышы ыктымал

Кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдө кардарлар ар кыл, анын ичинде, тилекке каршы, жоопкерчиликсиз да болушу мүмкүн экенин эске алуу абзел. Убагында акыны бербей, ижара да, коммуналдык кызмат акыларын да төлөбөй кетип же мүлкүңүзгө сиз күткөндөй кылдат мамиле кылбаганы да четтен чыгат. Ошондой эле батирди ижарага берүүнүн — ижарачыларды издөө, аларга батирди көрсөтүп, коммуналдык тейлөө акыларынын төлөнүшүн көзөмөлдөө жана башка машакаты да арбын.

Кээде берилбей туруп да калат. Бирок анткен күндө да коммуналдык кызмат үчүн үзгүлтүксүз төлөөгө тийишсиз. Башкача айтканда, кыймылсыз мүлк кошумча киреше каражатынан айрым убакта дагы бир чыгым агымына айланышы ыктымал.

Акчага айлантууга убакыт керек

Бир жакка салым салууда каалаган убакта сатып жиберүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурушат. Бирок батирди акчага айлантуу дайым эле тез ишке аша бербейт. Кээде шашылыш сатууда акча да жоготуп алышыңыз мүмкүн, себеби андайда бааны түшүрүүгө туура келет эмеспи.

Одна тысячные купюры сома в руках человека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бирок батирди акчага айлантуу дайым эле тез ишке аша бербейт. Кээде шашылыш сатууда акча да жоготуп алышыңыз мүмкүн, себеби андайда бааны түшүрүүгө туура келет эмеспи

Кайсы багытка салым салууну, албетте, өзүңүз гана чечесиз. Бирок алгач дайым артыкчылык жана кемчиликтерин салмактап алууга чакырар элек.

Белгилер:
кемчилик, Кыргызстан, артыкчылык, чыгым, киреше, инвестициялар, акча, кыймылсыз мүлк
Тема боюнча
Кыргызстанда ипотеканын баштапкы төлөм маселесин кантип чечсе болот. Варианттар
Кыргызстандагы электрондук капчыктар. Колдонуу шарттары
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

Быйыл эки айда Кыргызстандан 74,5 млн. доллар чыгарылып кетти

(жаңыланган 10:15 13.04.2021)
Статистикага ылайык, январь-февраль айына карата каражаттын агымы боюнча быйылкы көрсөткүч үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын эки айында Кыргызстандан 74,5 миллион доллар чыгарылып кетти. Бул туурасында Улуттук банктын ачык маалыматында жазылган.

Мында жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жүргүзгөн транзакциялар камтылган.

Январь-февраль айына карата каражаттын агымы боюнча ар жылкы статистика менен салыштырганда быйылкы көрсөткүч үчүнчү орунда турат. Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы рекорд коюп, 74,9 миллион долларга жеткен. Ал эми 2019-жылы 74,8 миллион долларды түзгөн.

2020-жылы жалпысынан 488 миллион доллар чет жакка которулган.

Белгилер:
чыгаруу, Акча которуулар, каражат, Улуттук банк
Тема боюнча
Депутаттыкка аттанган талапкерлер шайлоого 155,2 млн. сом коротту
Кишен. Архив

УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады

(жаңыланган 18:21 13.04.2021)
Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандардын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

"Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш жасагандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

Белгилер:
чыккынчы, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды