Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга чакырды. Берген убадалары

(жаңыланган 13:08 03.03.2021)
Бүгүн Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынын экинчи күнү. Президент казакстандык бизнесмендер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с бизнес-сообществом республики. 3 марта 2021 года
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с бизнес-сообществом республики. 3 марта 2021 года
    Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан встретился с бизнес-сообществом республики. 3 марта 2021 года
    Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна президент Садыр Жапаров, өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.

Садыр Жапаровдун ишкерлерге айткан кеби жана убадалары:

Касым-Жомарт Токаев "Бир алкак — бир жол" демилгеси менен чек ара түйүндөрүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Биз муну толугу менен колдойбуз жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу Кыргызстан — Казакстан ортосундагы соода-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярбыз;

Кыргызстан инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатат. Бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге рынокко жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана товарларды сатууну кеңейтүү боюнча жигердүү иш алып баруудабыз;

Алгачкы жарлыктарымдын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп, ишкердик субъектилердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталган;

Бажы жана салык тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө;

Кыргызстанда айыл чарба жаатында санарип технологиялар киргизилип, ал электрондук соода элементтерин ичине камтып, айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыз кыла баштады;

Айыл чарбасында агробизнестин жер, суу жана жайыт ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана айыл чарба багытындагы жерлерди өндүрүштүк максатта трансформациялоо боюнча "бирдиктүү терезе" принциби ийгиликтүү киргизилип жатат.

Белгилер:
бизнес, инвестициялар, Казакстан, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары (23)
Тема боюнча
Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Сүрөт
"Жашыл коридор" үчүн ыраазычылык. Жапаров Казакстандын премьери Маминге жолукту
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунун логотиби. Архив

"Москваны жазалоо": Россияда SWIFT системасы өчүрүлсө эмне болот?

(жаңыланган 10:10 14.04.2021)
SWIFT банктар аралык байланыштын глобалдык тутумунан өчүрүлөрүн айтып, Россияны АКШ гана тургай эми Европа да коркутууда.

Макулдашылган катаал чарага чакырык бул ирет Европарламентте да жаңырды. Мындай көрүнүш РФтин каржылык тутумуна кандай чагыларына Наталья Дембинская сереп салган.

Маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүүнүн эл аралык банктык тутумуна эки жүздөн ашуун өлкөдө 11 миңден көбүрөөк уюм туташтырылган. Россия — SWIFT системасын пайдалануучулардын ири үчтүгүнө кирет. Бирок 2014-жылдан тарта бул инструменттен РФтин өчүрүлөрү айтылып келет. Буга Крым да, Донбасс да, Скрипалдердин иши, блогер Алексей Навальныйдын кырдаалы да доомат катары келтирилет.

Президенттик кызматка киришери менен эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүүнү Жо Байден убада кылган. Былтыр декабрда Reuters басылмасы президенттин командасынын пландары менен жакындан тааныш булактарга таянып, Кошмо Штаттардын мамлекеттик мекемелерине болгон хакердик чабуулга катыштыгы болушу мүмкүн деген айыптоо менен Байден Москваны жазалоого ниеттенгенин маалымдаган. Бул "Россиянын олуттуу экономикалык, каржылык же технологиялык жоготууларына" алып келиши мүмкүн. Жазалоонун варианттарынын бири — SWIFT тутумунан өчүрүү экенин Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун киберкоопсуздук боюнча эксперти Жеймс Эндрю Льюис боолголойт.

Апрелде Украинанын чыгышында кырдаал курчуп кетти, бул дагы  жаңы шылтоо. Мындай демилгени эми Европа колго алды. Европарламенттин башкаруучу фракциясы – Европалык элдик партиясынын башчысы Манфред Вебер Москва "кооптуу чагымчылыктардын нугун улантууда" дейт. Анын пикиринде, Украина менен чек арасында "аскердик күчтөрүн бекемдөө" менен Москва Батыштын сабырын сыноодо. Ошондуктан АКШ жана ЕБ макулдашылган жооп берүүгө тийиш. Парламентарий белгилегендей, абал курчуп турганда "өлчөнгөн санкциялардын маалы өтүүдө". Вебер "олигархтардын эсептерин масштабдуу тоңдурууну" жана SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштады.

Көйгөйлөр жаралат

Бир жагынан Россиянын 2014-жылы ишке киргизилген Каржылык билдирүүлөрдү алмашуу тутуму (СПФС) бар. Ага россиялык банктардын баары жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон он чакты өлкө кошулган. SWIFT системасынан өчүрүлгөн соң банктар анын россиялык аналогуна өтөт. Бирок эл аралык төлөмдөр үчүн СПФС азырынча эл аралык системанын ордун толук баса албайт, ошондуктан олуттуу сокку урулушу мүмкүн.

Эксперттер Россиядагы доллар жана евро түрүндөгү экспорттук жана импорттук операциялардын көлөмү бир кыйла, ал эми өндүрүмдөрдүн көпчүлүк тобуна альтернатива табуу мүмкүн эмес.

"SWIFT системасынан өчүрүү россиялык банктардын транзакцияларын токтотот, — деп эскертет "Бета финансылык технологиялар" индекстик компаниясынын башкы стратеги Арарат Мкртчян. — Ири экспортчулар баарынан көп жабыркайт. Алар өз операциялык ишмердигин тейлөө үчүн чет элдик банктар менен гана иштөөгө аргасыз болот. Чектөөлөргө тушукпаган ортомчулар да мындайда көп чыгат. Айрыкча мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык институттары утушка ээ болот.

Баарын чечүүгө болот

Бирок кандай болгон күндө да чоң кырсык болбойт. "Россиялык банктарды SWIFT тутумунан өчүрүүнүн өзү контрагенттер ортосундагы каржылык транзакциялар кымбаттайт жана ыргагы жайлайт дегенди гана туюндурат. Калыпка түшүп калган чынжырча үзүлөрү турулуу иш, аларды калыптандыруу үчүн убакыт талап кылынат. Бирок бир же эки аптада жагдайды жөнгө салууга болот", — дейт QBF улук аналитиги Олег Богданов.

Эгер россиялык резиденттердин доллар түрүндөгү каражаттары тоңдурулса, башка кеп экенин кошумчалайт эксперт. Анда рыноктордо башаламан реакция жаралышы ыктымал. Бир-эки кварталда каржылык байланыштарды баары бир калыптандырышат. Валюта курсу да кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бирок өйдө-ылдый убак тез эле өтүп, рубль өз деңгээлине келет.

Кимге кымбат түшөт?

Ошентсе да Россия аталган тутумдан өчүрүлбөйт, коркутуп гана тим болушат деген ойлор да туулат. Анткени SWIFT — россиялык банктардан акча тапкан жеке компания. Анан да система эл аралык транзакциялар үчүн гана тургай, ички эл аралык которууларга да колдонушат. SWIFT тутумунан кимдир бирөөнү өчүрүү үчүн ЕБ же АКШнын компаниянын өзүнө каршы чечим кабыл алышы керек. Бирок анткен учурда Россиянын соода өнөктөштөрү — европалык жана америкалык бизнес четте калат.

"Бул россиялык компанияларга жана мамлекетке милдеттенмелерин төлөөгө мүмкүндүк бербей турган күтүүсүз жагдай болуп эсептелиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы карызы —450 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан улам кредиторлордун да каржылык көйгөйлөрү жаралышы ыктымал. Андан тышкары, негизги соода өнөктөштөрү менен операциялар кыйындайт. Ал эми алардын эң чоңу — Евробиримдик. Европарламенттеги чакырыктар курулай гана популизм", — деп болжойт "Открытие Брокер" компаниясынын улук талдоочусу Андрей Кочетков.

АКШ да кыйналбай койбойт. Биринчиден, Вашингтондун SWIFT компаниясына болжолдуу гана таасири бар, анткени анын штаб-квартирасы Бельгияда жайгашкан. Экинчиден, андай чара көрүлө турган болсо Россия америкалык банк жана саясатчыларга каршы катаал санкциялар менен жооп кайтарышы да мүмкүн.

Белгилер:
банк, кредит, соода, АКШ, Евробиримдик, Акча которуулар, Россия, система
Тема боюнча
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Кыргызстандын желегине тизилген тыйындар. Архив

Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.

Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды.

Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган.

Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон.

Белгилер:
төмөндөө, экономика, статистика, ички дүң продукциясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл эки айда Кыргызстандан 74,5 млн. доллар чыгарылып кетти
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Ысык-Көл жээги. Архив

Прокуратуранын жардамы менен Тоңдогу жетим балдар жер тилке алышты

(жаңыланган 10:59 14.04.2021)
Мыйзам боюнча, томолой жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар турак жай же жер тилкелери менен камсыз болууга тийиш.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жашаган ата-энеси жок калган Э. уулу Т.  менен Б. М. аттуу балдар турак жай куруу үчүн жер тилкелерине ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Балдардын ар бирине 15 сотыхтан жер Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, томолой жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз болууга тийиш экени белгиленет.

Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында Тоңдун прокуратурасы райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акт киргизген. Натыйжада Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечими менен өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилип, ага ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынган.

Белгилер:
жер тилкеси, жетимдер, Башкы прокуратура, Тоң, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет
Ишкер айымдар Токмоктогу балдар үйүнө тигүүчү өнөркана ачып берди