Бал. Архив

Индия Оштон бал, курут өңдүү табигый азыктарды экспорттоого кызыкдар

81
Индиянын элчиси Оштун башчысынын орун басары менен кезигишүүдө киноиндустрия тармагында белгилүү Болливуд (Bollywood) Кыргызстанда тасма тартууга да ниеттенип жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алган. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлады.

Жолугушууда Ош облусунун аймагында туризмди өнүктүрүү, бал, курут жана табигый азыктарды экспорттоо, фармацевтика багытында дары чөптөрдү терип-өстүрүү жана башка экономикалык маселелер талкууланган. Өкүлчүлүк Индия дүйнөдө дары-дармек өндүрүү боюнча алдыӊкы өлкөлөрдүн катарында турарын белгилеп өттү.

Андан сырткары, элчи киноиндустрия тармагында белгилүү Болливуд (Bollywood) Кыргызстанда тасма тартууга кызыкдар экенин белгилеген.

Ошондой эле Индия элчилиги менен биргеликте КРдин Соода-өнөр жай палатасынын Ош облусундагы бөлүмү тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Анда агробизнес, соода, техника, табигый азыктар, дары чөп өсүмдүктөр, бизнести өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ишкерлер өздөрү өндүргөн азыктарын көрсөтүштү.

81
Белгилер:
дары, экспорт, азык, Ош, Кыргызстан, Индия
Тема боюнча
Былтыр Кыргызстан 6 миң тонна грек жаңгагын экспорттоду. Алган өлкөлөр
Кеңсе. Архив

"Кумтөрдүн" кеңсеси тинтүүгө алындыбы? Расмий жооп

38
(жаңыланган 18:39 15.05.2021)
Соңку күндөрү алтын казуучу компаниянын айланасында ар кандай териштирүү, анын катарында соттук иштер да жүрүп жатат. Мындан сырткары, компаниянын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия да иш алып барууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Айрым ЖМКлар жазгандай, УКМКнын кызматкерлери бүгүн компаниянын кеңсесине тинтүү жүргүзүп, тиешелүү документтерди алышкан.

Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев да "Кумтөдө" тинтүү жүрүп, документтер алынганын белгиледи.

Анын айтымында, мунун компанияга тышкы башкаруу киргизүү тууралуу мыйзамга тиешеси жок. Маселе мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу болууда.

УКМКнын маалымат кызматы тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирип, окуя тууралуу маалымат берүүдөн, ошондой эле мекеменин кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

"Кумтөр" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Өлкө президенти Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген.

11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн” ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады.

Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

38
Белгилер:
жооп, УКМК, тинтүү, кеңсе, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
Канада менен Улуу Британиянын элчиликтери Кумтөр боюнча билдирүү жасады
Бир миң сомдук купюрасы. Иллюстративдик сүрөт

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан дагы 2 млрд. сом өндүрүүнү чечти

308
(жаңыланган 21:45 14.05.2021)
Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болот. Буга чейин сот аталган компанияны 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирген. 

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан 2,1 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

"Соттун 14-майдагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды. Компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 миллиард 105  миллион 631 миң сом жана мамлекеттин эсебине 10 миллион 583 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болору кошумчаланды. 

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

308
Белгилер:
өндүрүү, экология, каражат, сот, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду