КРде күйүүчү май бир айда 11,5 пайызга кымбаттады. Статистика

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASУнаага күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив
Унаага күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жыл жаңыргандан бери бензин бир нече сомго кымбаттады. Мындан улам өкмөт жаздын башталышы менен чийки мунай жана мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салды.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
11-мартка карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензин орто эсеп менен 42,63 сомду түзүп, өткөн жылдын февраль айынын ушул күнүнө салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 40,87 сомду түзүп, 7,2 пайызга жогорулаган.
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Күйүүчү майдан улам азык-түлүк да кымбаттайбы? КР бийлиги жана ишкерлердин пикири
Ошол эле учурда АИ-92 бензинине чекене баасы орточо республикалык көрсөткүчтөн Баткен (бир литр үчүн 47,12 сом), Исфана (47 сом), Кербен (44,37 сом), Ноокат (43,80 сом), Ош (43,43 сом), Кара-Суу (43,20 сом), Өзгөн (42,90 сом), Жалал-Абад (43 сом) шаарларында жогору болуп турат.
Ал эми минималдуу баалар Кара-Балта шаарында (бир литр үчүн 40,83 сом), Покровка айылында (40,90 сом) жана Нарын шаарында (41 сом) катталды.
Дизель майы дагы өлкөнүн ошол эле түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 41,20 сомдон тарта 46,10 сомго чейин алууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0