Референдум өткөрүүгө 55 млн. сомдон ашык каражат сарпталат

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуштардын жыйынтыгын эсептеп жаткан БШК кызматкерлери. Архив
Добуштардын жыйынтыгын эсептеп жаткан БШК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо менен биргеликте өткөрүлөт. Эки процесске жалпы жонунан 480 миллион сом каралган.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоору боюнча өтчү референдумга 55 миллион 642 миң 300 сом бөлүнмөкчү. Бул тууралуу БШК маалымдады.
Комиссия бүгүнкү жыйынында чыгымдарды бекиткен.
Эскерте кетсек, ушул жумада ЖК депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда референдумду 11-апрелде өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп берип, президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.
Акча төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
  • айлык акы — 5 758 660 сом;
  • Соцфонд (17,25 пайызы) — 848 740 сом;
  • жумушчу сапарлар — 11 545 600 сом;
  • байланыш кызматы — 900 000 сом;
  • транспорт чыгымы — 1 300 000 сом;
  • чарбалык максаттарга керектелчү материалдар — 4 000 000 сом;
  • башка чыгымдар — 31 289 300 сом.
Референдумда Кыргызстандын жаңы Коституциясынын долбоору үчүн макулдук берип же каршы пикир билдирүү керек. Сунушталып жаткан Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.
11-апрелде жергиликтүү кеңешке да шайлоо өтөт. Эки процесске 425 миллион сом каралганы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0