Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү

© Sputnik / Михаил Киреев / Медиабанкка өтүүHyundai автоунаалары. Архив
Hyundai автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Ушул жылдын январында республикага 872 жеңил автоунаа алып келинген. Анын көпчүлүгү эки гана өлкөдөн келгени айтылды.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Ушул жылдын январь айында 872 автоунаа ташылып келген. Анын басымдуу бөлүгү Россия (412) жана Түштүк Кореядан (288) алынган.
Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2021
Узаган жылы Кыргызстанга автоунааларды импорттоо үч эсе өстү
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда, Россия менен болгон көрсөткүч дээрлик өзгөргөн эмес (алты унаага көп), ал эми Кореядан ташылгандар бир нече эсеге өскөн. Былтыр январда ал жактан беш гана унаа келген болчу.
Аталган өлкөдөн машина алуу көрсөткүчүнүн өскөнүн Улуттук статистика комитетинин жылдык маалыматтары да тастыктайт. Өткөн жылы 2 267 унаа ташылган, ал эми мурдагы жылы 27 автокөлүк келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0