Доллар купюралары. Архивдик сүрөт

Кыргызстан жыл башынан бери 5,4 млрд. сомдук карызынан кутулду

31-январга карата мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга (420 миллиард 108,67 миллион сом) жетти.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457,8 миллион сом карызынан кутулду. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 049,4 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408,4 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган.

Ошондой эле министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын (тышкы-ички) суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга (420 миллиард 108,67 миллион сом) жеткенин маалымдады.

Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221,61 миллион доллары (357 миллиард 992,44 миллион сом) тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732,5 миллион доллары (62 миллиард 116,23 миллион сом) ички карыз.

Мындан сырткары, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520,03 миллион сом түшкөнү белгиленди.

Белгилер:
баалуу кагаздар, төлөө, карыз, бюджет, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын алтын запасы бир жылда 33,7 млрд. сомго кымбаттады
Улуттук банктын резерви күнүнө 2,5 млн. долларга азайып жатат
Банк. Архивдик сүрөт

Миллиард сомго чыгым болгону бар. Пандемия банктарга кандай таасир этти

(жаңыланган 11:10 17.04.2021)
Өткөн жылы пандемия Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасирин тийгизип, ички дүң продукция тогуз пайызга төмөндөдү.

БИШКЕК, 17-апр — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын бири узаган жылы чыгымга учураса, калганынын иши кирешелүү болду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Өлкөдө 23 банк иш алып барат. Анын 22си жалпысынан 4 миллиард 124,2 миллион сом тапкан.

Узаган жылдын жыйынтыгы боюнча бир каржы-насыялык мекеме 1 миллиард 551,5 миллион сомго чыгымга учурады. Кайсы банк экени көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары, беш банктын лицензиясы артка кайтарылып же такыр берилбей калуу алдында турат. Алардын экөө жалпысынан 3,8 миллион сом пайда тапса, үчөө 4,3 миллион сомго чыгашага учураган.

Эске салсак, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен дүйнөлүк, анын ичинде ички экономика жабыр тартты. Натыйжада өлкөнүн ИДПсы 9 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылы өкмөт бир катар насыяларды төлөө мөөнөтүн узарткан.

Белгилер:
өкмөт, насыя, экономика, киреше, чыгаша, Улуттук банк
Тема боюнча
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
Ысык-Көл. Архив

Ысык-Көлгө туристтик комплекс куруу пландалууда. ЕАЭБдин бизнес-долбоору

(жаңыланган 19:19 16.04.2021)
Бир жыл мурун евразиялык ишкер-демилгечилердин сынагы жарыяланган. Ага Кыргызстандан үч долбоор түшүп, бирөө азыр каралууда.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер евразиялык ишкерлер жана демилгечилер сынагынын алкагында үч долбоор сунуштады. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министр Артак Камалян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.

Сынак былтыр май айында жарыяланган. Жакшы долбоорлорго инвестициялык колдоо көрсөтүү каралууда.

Камаляндын айтымында, өткөн жылы күзүндө 80ден ашуун долбоор келип түшкөн. Мындай конкурс жыл сайын өтүп турмакчы.

"Кыргызстандан үч долбоор келген. Экөө курулушка, бири жаңгакты кайра иштетүүгө байланыштуу. Менин билишимче, Кыргызстандын бийлиги менен Евразия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө туристтик эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорду карап жатышат. Бул абдан жакшы иш", — деди ЕЭК министри.

Камалян жеңүүчүлөргө долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилерин белгиледи.

Белгилер:
курулуш, ишкер, долбоор, сынак, Евразиялык экономикалык биримдик, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы