Жүз долларлык купюралар. Архив

Кыргызстан менен Өзбекстан 500 млн. долларлык "Жол карта" кабыл алды. Тизмеси

(жаңыланган 18:45 16.03.2021)
"Жол картага" киргизилген долбоорлор мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып же четке кагылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында практикалык чаралардын планына, башкача айтканда, "Жол картага" кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жалпысынан 550,4 миллион доллар суммасындагы 60 долбоорду ишке ашыруу каралган. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:

  • Алгачкы баскычында 50 миллион доллар капиталы бар Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү;
  • Чүй облусунда 100 миллион доллар суммасындагы жүгөрүнү иштетүүчү ишкананы түзүү;
  • Фергана облусунда GeoBetonBagdad ААК базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу;
  • 15 миллион долларлык "Кызыл-Кыя" соода-логистикалык борборун куруу долбоору;
  • 15 миллион долларлык медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу жана медициналык аспаптарды өндүрүү;
  • 12,5 миллион долларлык мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;
  • 10 миллион долларлык заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;
  • Наркы 8 миллион доллар турган Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;
  • Наркы 8 миллион доллар турган Uni Mobile ААК биргелешкен ишкана базасында цемент заводун куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, "Жол картага" киргизилген долбоорлор мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып же четке кагылышы мүмкүн.

Белгилер:
фонд, кызматташуу, өнөр жай, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Башкы кеңсеси Бишкекте болот. Өзбек-кыргыз фонду боюнча кенен маалымат берилди
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

(жаңыланган 16:00 14.04.2021)
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстанда ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик ала албай жаткандыгын айтты.
Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.

"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.

Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.

Белгилер:
бизнес, мамлекеттик орган, инвестициялар, коопсуздук, ишкер, Аскар Сыдыков
Тема боюнча
Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат
Банк карталары жана акча. Архив

Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты

(жаңыланган 13:13 14.04.2021)
Кыргызстандагы айрым банктар дебеттик гана эмес, насыялык карталарды да чыгарышат. Алардын артыкчылык жана кемчиликтери, кантип пайдалануу керектиги туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Маяна алганга чейин кээде бир нече миң карыз алып турууга туура келет... Сизге да бул тааныш жагдайбы? Көйгөйдү чечүүнүн бир ыкмасы — насыялык картаны колдонуу (эл арасында – "кредитка" деп коюшат).

Sputnik Кыргызстан өлкөдө жеке адамдар үчүн чыгарылган насыялык карталардын шарты боюнча түрмөк даярдап, анын артыкчылык жана кемчиликтерин карап чыкты.

Насыялык карталардын артыкчылыктары

Колго тез арада тиет. Картаны алуу үчүн паспорт жана кирешенин тастыктамасын көрсөтүү талап кылынат. Негизги талаптары жөнүндө банктын расмий сайтынан жана каржылык мекеменин өзүнөн алдын ала билип алган оң. Эгер маяна долбоорунун алкагында банктын кардары болсоңуз, жол-жобосу болушунча жеңил жана ыкчам жүрөт. Каражатты каалаган убакта пайдалана аласыз. Товар же кызмат акысын, ошондой эле салык же айып пул төлөөгө чамаңыз жетпей турганда насыялык карта абдан ыңгайлуу жардам. Накталай эмес төлөө мүмкүн болгон бардык жерде жана каалаган убакта колдонууга болот.

Жеңилдетилген мөөнөт бар. Ар бир кредиттик картага мөөнөт коюлат, ал убакыт аралыгында пайдаланган каражатты пайыздык үстөксүз банкка кайтара аласыз. Айрым учурларда банк карта ээсине ыңгайлуу убакытты белгилеп бериши мүмкүн. Мындайда төлөмдөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү да жок эмес.

Толуктоо ыңгайлуу. Акча ар кыл ыкмалар менен: интернет-банкинг, мобилдик банкинг, терминалдык тейлөө, банкомат жана банктын кассалары аркылуу толукталат.

Пайыздык карталардын кемчиликтери

Жеңилдетилген мөөнөт аяктаган соң каражат (насыя) кайтарылбаса айып салынат. Эгер кандайдыр бир себептер менен эсепке картадан алынган каражатты кайтара албай калсаңыз, комиссия төлөөгө гана кептебестен, насыялык таржымалыңызга да терс таасир этет.

Эгер бир айлык кирешеңиз картаңыздын лимитинен көп деле ашпаса, маянаңызды банкка болгон карызыңызды жабууга которуп коюп, кур жалак каласыз. Кайрадан насыялык картадан каражат сарптоого туура келет.

Насыялык карталар негизинен накталай эмес төлөмдөр үчүн каралган. Банкоматтан накталай ала албайсыз, бардык операциялар төлөм тарыхына катталат. Банк мындай картадан накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берген учурларда деле комиссия түрүндө кошумча чыгымдары болот. Пайыздык үстөктөрдүн айынан бул карта ээсине деле пайдасыз.

Улуттук банктын кеңештери

"Кайтарымсыз насыя" деген психологиялык тузакка түшүп калбаш үчүн бардык артыкчылык жана кемчиликтерин, насыялык картаны алуу канчалык туура болорун өз алдынча салмактоого тийишсиз. Себеби карта боюнча да өз убагында төлөө керек.

Насыялык карта ачууну чечкениңизде каржылык шартыңызды калчаңыз, картаны пайдалануунун канчалык максаттуу экенин аныктаңыз. Насыяны жана анын пайыздарын жабуу үчүн күнүмдүк киреше жана чыгымдарды эске алуу, банк тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөө абзел. Өлкөдө иш алпарган банктардын насыялык карталарынын шарттарын карап чыгалы.

"Бакай Банк"

Чени — 0 же жылдык 28 пайыз. Кардардын тандоосуна төмөнкү тартипте сунушталат:

  • 500 сомдон өйдө ар жолку сатып алуудан 5 пайыздык кайтарым (кэшбэк), ал ар айдын аягында чегерилет;
  • 30 күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөттүү карта (санак айдын биринчи күнүнөн тарта жүргүзүлөт);
  • "‎Бакай Банктын" банкоматтарынан накталай алууда — комиссия кошулбайт;
  • накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт токтотулбайт;
  • картадагы сумма беш маянага чейин жетиши мүмкүн, бул алуучунун категориясына жараша.

Маяналык долбоордун катышуучулары жана банктын пенсиялык картасынын ээлери, ишкерлер, банктын насыя алуучулары (чакан жана орто бизнес), ошондой эле сырттагы жеке кардарлар насыялык картаны пайдалана алышат. Ошондой эле банк аркылуу маяна алган медициналык кызматкерлер үчүн да аталган каржылык мекеме жеңилдетилген насыялык картаны сунуштайт.

"Демир Банк"

Насыялык карталарды маяналык долбоордун кызматкерлери да, банктын башка кардарлары да ала алышат.

Насыялык лимиттин өлчөмү:

  • маяна долбоорунун алкагында – айлык акыдан 70 пайызга чейин;
  • маяна долбооруна кирбегенде айлык акы же таза кирешенин 50 пайызына чейин (киреше боюнча тастыктаманы көрсөтүү менен);
  • башка категориядагы кардарлар үчүн акча күрөөнүн көлөмүнө жараша – бөлөк өлчөм;
  • пайыздык ченди чегерүү үчүн жеңилдетилген мөөнөт — накталай эмес эсептерге 35 күнгө дейре (санак айдын биринчи күнүнөн тарта), андан ары 30 пайыз;
  • кэшбэк — 0,1 пайыз;
  • накталай алууда каралган пайыздар — накталай алынган күндөн тарта жылдык 30 пайыз;
  • накталай алууга комиссия — 0 пайыз.

"Оптима Банк"

Насыялык картаны маяналык долбоордун кардарлары, ошондой эле банкта аманат сактаган жарандар гана алышат.

Шарттары:

  • эң жогорку өлчөм — аманат менен насыянын валютасы дал келгенде депозиттин суммасынан 80 пайызга чейин, түрдүү валюталарда аманаттын 60 пайызы, маяналык долбоордо беш окладга чейин;
  • чен —15 пайыз (аманат коюлган шартта насыя) жана айлык акы долбоору үчүн 26-28 пайыз;
  • жеңилдетилген мөөнөт — насыялык карта колдонулган айдын аягына чейин;
  • кэшбэк — 1 пайыз, бирок бул Visa Platinum жана Visa Infinite карталарына гана тиешелүү (Евробиримдикке мүчө-өлкөлөрдө жүргүзүлгөн накталай эмес операциялар жана интернет-төлөмдөргө 0,5 пайыз);
  • накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт жок;
  • накталай алууга комиссия — аталган банктын банкоматтарынан алууда жок, ал эми башка банктар аркылуу накталай алууда 1 пайыз кармалат.

"Керемет Банк"

Насыялык картага соңку алты ай аралыгындагы туруктуу иши бар, ошондой эле патент же күбөлүк менен иштеген, туруктуу бизнеси бар жеке ишкерлер (насыя картаны алууга тапшырык берилгенге чейин жарым жыл үзгүлтүк иш алпарган).

Шарттары:

  • Visa Credit Classic — 200 миң сом/3 миң долларга чейин;
  • Visa Credit Gold — 1 миллион сом/15 миң долларга дейре.
  • жеңилдетилген пайызсыз мөөнөт — 45 күн (насыя алынган күндөн тарта саналат);
  • насыя алынган учурда ар айдын 20сына дейре сөзсүз түрдө карыздын суммасынан 10 пайыздык өлчөмдө минималдык төлөмдү төгүү зарыл;
  • карта менен төлөөдө комиссия — 1 пайыз;
  • накталай алууда комиссия — 1 пайыз;
  • жеңилдетилген мөөнөттөн кийинки чен — 20-29 пайыз (доллар менен аз, сом менен — ири сумма);
  • айрым кардарлар үчүн чен 1 пайызга түшүрүлүшү мүмкүн.

"Кыргызкоммерцбанк"

Насыя картасын маяналык долбоордун кызматкерлери да, айлык акы же кирешесин тастыктаган башка кардарлар жана жеке ишкерлер да ала алышат.

Шарттары:

  • жеңилдетилген пайызсыз мөөнөт — 45 күн (насыя алган күндөн эмес, айдын биринчи күнүнөн тарта эсептелет), бирок ай соңунда насыя суммасынан кеминде 5 пайыз төлөө абзел;
  • эң жогорку сумма — бир-эки айлык акы (250 миң сомго дейре);
  • чен — жылдык 26 пайыздан баштап;
  • кэшбэк каралган эмес;
  • накталай алууга комиссия — 2,5 пайыз;
  • накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт жоюлбайт.

РСК

Жеке жактар да, жеке ишкерлер да насыялык картага ээ боло алышат.

Шарттары:

  • жеңилдетилген маал — 45 күнгө дейре;
  • чен — жылдык 28 пайыз;
  • өлчөм — 10 миңден 50 миң сомго чейин (күрөөсүз жана кепилдик берген кишисиз) жана кепил болгон киши менен 100 миң сом;
  • интернет аркылуу төлөм — накталай эмес эсеп;
  • накталай эмес төлөмдө кэшбэк каралган эмес;
  • накталай алууда комиссия жок;
  • каражатты накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт жокко чыгарылбайт.

Жогоруда тизмектелген банктардын айрымдарында насыялык карта менен төлөөдө ар кыл дүкөндөрдө арзандатуулар каралган. Бул карталар туурасында толук маалымат алуу үчүн банктардын өздөрүнө кайрылуу кажет.

Насыялар тууралуу психологдун пикири

Насыя карталарын пайдалануунун туура же натууралыгы боюнча психолог Леонид Соболевге кайрылдык.

"Насыя — бул жакшы да, жаман да эмес көрүнүш. Бул – алыс кете алгыс учурдун чындыгы. Өз мүмкүнчүлүгүн баамдай албастан үстөккө-босток насыя ала берип, карызга батып калган кардарларым болгон. Натыйжада карыз өсүп кетет...

Адамдар алына карабай насыя алып, той өткөрүшөт. Баары эл көзүнө "эл эмне дейт?" деген ой менен жасалат. Насыя – карызга жашоо экенин алар дайым түшүнө беришпейт", — дейт Соболев.

Ошону менен бирге эле ал ар кандай жагдай болорун, кээде насыя да зарыл экенин белгилейт. Психолог каржылык мекемесинен карыз алуудан оболу айрым жактарын эске алууга кеңеш берет:

  • насыя дайым негиздүү болушу шарт (эгер мүмкүнчүлүк болсо, насыя алып кереги жок);
  • болжолдуу тобокелдиктерин калчап көрүп, карызды кайсы каражаттардын эсебинен төлөөнү ойлонуу керек; бир насыяны жабуу үчүн экинчисин алуу кооптуу;
  • насыя өлчөмү да дайым алыңызга жараша болушу шарт — "кайра кайтарууда эч кыйналбагыдай сумманы гана алам".

"Насыянын түпсүз оруна түшүп калган адамдардын негизги көйгөйү — каржылык чексиздикти сезип алышы: "Алгым келет, мага керек!". Бул түптөлбөй калган жоопкерчиликтен улам келип чыгат.

Адам өз муктаждыктарын канааттандыруу үчүн каалаган убакта насыя ала аларын билет, жеке чыгымдарын көзөмөлдөөнү, каржыны колдонууну унутат", — деп белгилейт Соболев. Анын айтымында, насыянын негизги кемчилиги – "адам өзүн чектей албай калат".

"Насыя "куткаруучу ыкма" катары болуп калат, болбосо ага сатып алчу айрым буюмду айлык колго тийген кезде деле алууга болот", — деп түшүндүрдү психолог.

Каржылык серепчилер дайым ар бир адам өз "каржылык коопсуздук жаздыкчасын" түзүп алуу керектигин белгилешет. Ал эмнеге зарыл жана кантип топтоо керектигин Sputnik Кыргызстандын башка бир материалынан окуңуздар.

Белгилер:
терминал, чыгым, киреше, каражат, насыя, төлөм, карта, банк
Тема боюнча
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш
ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров. Архив

Министр Бейшеналиев ТИМ кызматкери эмнеден каза болгонун айтты

(жаңыланган 17:50 14.04.2021)
Министр дипломатка кичинекей балдар жаткан жерден тамчылатма ийне саюу чоң катачылык болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.

Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.

"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу", — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, өлүм, кызматкер, ТИМ
Тема боюнча
ТИМ кызматкеринин ооруканадагы өлүмү. Милиция окуянын чоо-жайын айтты