Санак машинасы АКШ доллары менен. Архив

Жыл башында Кыргызстандан он миңдеген доллар сыртка которулган

50
(жаңыланган 09:51 18.03.2021)
Өткөн жылы сыртка чыгарылган акча жарым миллиард долларга жеткен. Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жасалган транзакциялар туурасында болуп жатат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь айында Кыргызстандан 32,6 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жасалган транзакциялар туурасында болуп жатат.

Эгерде ар кайсы жылдардын январь айы үчүн маалыматтарды салыштырсак, бул үчүнчү көп суммадагы көрүнүш. Өткөн жылдын биринчи айындагы рекорддук көрсөткүчү 35,9 миллион долларды түзсө, 2019-жылдын январында 34,1 миллион долларга жеткен.

Былтыр сыртка кеткен акча 488 миллион долларды түзгөн. Аны менен кошо эле январда өлкөгө кирген акча 150 миллион доллар болгон.

50
Белгилер:
Акча которуулар, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан 1 млрд. доллар алат. "Жер-Үйдөн” канча салык түшөрү айтылды
Кыргызстан менен Өзбекстан 500 млн. долларлык "Жол карта" кабыл алды. Тизмеси
Нарын дарыясы. Архив

Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө

56
(жаңыланган 13:35 14.06.2021)
Дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.

Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.

"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты.

"Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштады.

56
Белгилер:
түшүндүрмө, электр энергиясы, ГЭС, Токтогул суу сактагычы, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды
Ун. Архив

Кыргызстан тышка сатууга тыюу сала турган азыктардын тизмеси

48
(жаңыланган 13:31 14.06.2021)
Бийлик мындай кадамга барууга бир нече себеп бар экенин айтты. Алардын арасында кургакчылык, кымбатчылык жана коронавирус пандемиясынын кесепети турат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөт Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга жарым жылга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун талкууга койду.

Документте чектөө быйылкы жылдын 8-июлунан тартып киргизилери айтылган.

Бул демилге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине таандык.

"Токтом долбоору Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

Сыртка чыгарылбасын деген азыктар менен продукциялардын тизмеси:

  • буудай жана меслин;
  • жүгөрү;
  • арпа;
  • күрүч;
  • буудай уну;
  • өсүмдүк майы;
  • кумшекер;
  • жумуртка;
  • тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту).

Мындай кадамга барууга өкмөт бир нече себеп бар экенин айтты:

  • Казакстан тарабынан тирүү малдын экспортуна чектөөлөрдү коюу, Өзбекстанда мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке киргизүү менен байланыштуу жана мал жандыктарын өлкөнүн аймагынан массалык түрдө чыгарылгандыгы байкалган;
  • Кыргызстанда малды сырттан алып келүү кыскарган;
  • 2020-жылдын жазгы-күзгү талаа иштерин жүргүзүү жыйынтыгы менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары азайып, айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү төмөндөгөн. Анын кесепетинен ички азык-түлүк рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын баасы 60-70 пайызга өсүп кеткен;
  • кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду. Кыргызметеорология кызматы жайдын кургакчыл болушун билдирүүдө. Айыл чарба өндүрүшүнө бул терс таасир берет;
  • коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан толкунунун коркунучу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.
48
Белгилер:
чектөө, кымбаттоо, азык-түлүк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады
Өкмөт кумшекер, май, эт ташып келгендерди салыктан бошотууну сунуштады