Жер семирткич. Архив

Кыргызстанда минералдык жер семирткич экспорттоого тыюу салынды

53
(жаңыланган 17:54 18.03.2021)
Мындай чечим жазгы талаа иштеринде жер семирткич тартыштыгын болтурбоо жана баалардын жогорулашына жол бербөө максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Өлкөдө минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим жазгы талаа иштери учурунда өлкөнүн айыл чарба тармагын минералдык жер семирткич менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо, анын баасынын жогорулашына жол бербөө максатында кабыл алынган.

Кыргызстанга жер семирткич негизинен Өзбекстандан алып келинет. Эки өлкөнүн ортосунда минералдык заттарды ташуу жаатында кызматташуу тууралуу 2017-жылы кол коюлган келишим бар.

"Ар жылы берилүүчү квота 100 миң тоннаны түзөт, анын ичинде жазгы талаа жумуштары мезгилине 60 миң тонна, калган 40 миң тонна көлөмүндөгү бөлүгү күз мезгилине туура келет. Мындан тышкары, жер семирткичтин 30-35 пайызы Россия жана Казакстандан алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыл сайын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана республиканын айыл чарба тармагын өз учурунда камсыздоого, республикага күз-кыш мезгилинде 30-40 миң тоннага чейин жер семирткич алып келинет. Себүү иштери башталганга же 1-мартка чейин стратегиялык запас катары 45-50 миң тоннадан кем эмес жер семирткич болушу зарыл. Белгиленген запас камсыздалганда күздүк буудайга кошумча жер семирткич берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттогон көрүнүштөр болгон.

"Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык заттардын запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк тартыштыгын болтурбай, аларга карата бааны кармап туруу үчүн жер семирткичтерди сыртка сатууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды", — деп белгиленет маалыматта.

Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана кыргыз өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда алты айлык мөөнөткө киргизилген.

53
Белгилер:
тыюу салуу, экспорт, сезон, жазгы талаа иштери, жер семирткич
Тема боюнча
Салык кызматы жер семирткич, канаттуу этин мыйзамсыз ташыгандарды аныктады
Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду

7
(жаңыланган 12:56 07.05.2021)
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев өлкө боюнча 16 чакан ГЭС бар экенин маалымдады.

Чакан ГЭСтердин эскилиги эбак жеткен. Маселен, эң жаңы деп эсептелгенине 63 жыл, эскисине 103 жыл болду. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы чоң.

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду
"Учурда өлкө боюнча 16 чакан ГЭС иш алып барат. Анын тогузу "Чакан ГЭС" ААКга таандык. Калган жетөө жеке ишкерлерге карайт. "Чакан ГЭС" ААКнын станцияларынын эң жаңысына 63 жыл болсо, Аламүдүн суусунда жайгашкан чакан ГЭСтин иштеп жатканына 103 жылдын жүзү болду. Булардын иштөө мөөнөтү эбак эле өтүп кеткен. Кызматкерлердин аракети, оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында гана иштеп жатат. Алардын иши үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик жок. Ошондуктан жаңы кичи ГЭСтерди куруп, эскилерине реконструкция, модернизация иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар. Негизи өлкөнүн чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы жогору. Алсак, жалпысынан 960 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерди куруп, 142,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө болот. Өлкөдө жылдан-жылга электр колдонуулар 5-10 пайызга өсүп, бул тармак кризиске кептелүү коркунучунда турат. Учурда 109 мегаваттык чакан ГЭС куруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Анүчүн ыңгайлуу жерлерди компаниянын балансына алып, инвесторлорду караштыруу колго алынууда", — деди Астапаев.

Ошондой эле ал электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү демилгеси инвесторлордун аталган тармакка кызыгуусун арттырарын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: 

7
Белгилер:
Кубанычбек Астапаев, ГЭС, тариф, электр энергиясы
Тема боюнча
Турдубаев: электр кубаты үчүн жаңы тарифтер сентябрга чейин күчүнө кирбейт
Доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Доллардын арзандаганы байкалууда

148
(жаңыланган 11:10 07.05.2021)
Чет элдик валюталар боюнча жергиликтүү порталда "жашыл акчанын" орточо баасы бүгүн эртең менен 84,87 сом болду.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Борбор калаада доллардын сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды.

Бейшембиге (6-майга) салыштырмалуу валюта алмаштыруучу жайлар менен бир катар банктарда долларды сатып алуу 24 тыйынга арзандаса, ал эми сатуу курсу 5-10 тыйынга түшкөн.

Valuta.kg порталында "жашыл акчанын" орточо баасы сатканда 84,87 сом, сатып алганда 84,49 сомду түздү. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 84.80 сом болду. Еврону сатып алуу курсу сегиз тыйынга түшкөн, ал эми элге сатуу эки тыйынга көтөрүлгөн.

148
Белгилер:
акча, доллардын курсу, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банктын алтын валюта запасы 8 айдан бери биринчи жолу өстү
Чек арачылар. Архив

Чек арачылардын айлыгы канчага көбөйөрү айтылды

0
(жаңыланган 13:34 07.05.2021)
Кармышаковдун айтканына караганда, чек арачылардын айлыгын көтөрүүнү өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чатак башталганга чейин эле пландап жаткан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. УКМКга караган Чек ара кызматындагылардын айлыгы көтөрүлөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, чек арачылардын айлыгын көтөрүүнү өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чатак башталганга чейин эле пландап жаткан.

"Чек арадагы жаңжал башталганга чейин эле өкмөт чек арачылардын айлыгын көтөрүп, УКМКнын кызматкерлеринин маянасына теңөө боюнча токтом долбоору даярдалган. Себеби аталган кызмат Улуттук коопсуздук боюнча комитетке өтпөдү беле. Документ боюнча бул үчүн 700 миллион сом керек. Учурда маселе дээрлик чечилип, эми токтомго кол коюу гана калды. Кыязы 1-майдан тарта чек арачылардын айлыгы көбөйүп, орточо эсеп менен беш миң сом кошулат", — деди Кармышаков.

Ал чек арачылардын эле эмес, Чек ара кызматында иштеген бардык кызматкерлердин маянасы көбөйөрүн да айтты. Андан сырткары, чек арачы пенсионерлерге да акча кошуларын белгиледи.

0
Белгилер:
айлык, УКМК, Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт
Үй салууну убадалагандар, насыяны кечкен банк. Баткенге жасалган жакшылыктар