Бизнесмендерге чыккан туумдар, салык санкциялары жоюла турган болду. Шарттары

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан кыз. Архив
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Экономика министрлиги ишкерлерди карыздан жеңилирээк кутулуу үчүн берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга чакырат.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы ишкерлер эгерде салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча топтолуп калган негизги карызын төлөсө, алар үчүн чыккан туумдар менен салыктык санкциялар жоюлат. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2020
Радио
Сазыков: салыктык туумдарды жоё турган мыйзам ишке кирди
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, салык төлөөчүлөр салыкты өз учурунда же толук төлөбөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-июлуна карата чыккан туум менен салык санкцияларынан аны өкмөттүн жоюп салуусу менен кутулат.
Жоюунун шарттары:
  • 100 пайыз — 2021-жылдын 1-июлуна чейин негизги карыздарынан толук кутулса;
  • 50 пайыз — 2021-жылдын 31-декабрына чейин негизги карыздарынан толук кутулса.
Министрлик бизнесмендерди карыздардарын жогорку мүмкүнчүлүктөн пайдаланып төлөп калууга чакырды. Былтыр мындай мүмкүнчүлүктөр 2020-жылдын 1-мартына карата туум чыккан жана салыктык санкциялары бар ишкерлерге карата колдонулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0