Май куюучу жай. Архив

Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу

(жаңыланган 22:01 23.03.2021)
Нефтетрейдерлердин айтымында, келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн. Андан ары прогноз кылуу татаал.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бензиндин баасы жакын арада дагы 3-4 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кымбаттоого бир топ факторлор себеп болууда. Алардын арасында нефтке болгон баанын дүйнө жүзү боюнча көтөрүлүшү дагы бар.

“Кымбаттоого россиялык заводдордогу дуң баанын көтөрүлгөнү дагы себеп болууда. Тагыраагы, бир литр бензиндин 50 сом болушу кадыресе көрүнүш болгону турат. Келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн”, — дешти ассоциациядан.

Уюмдан билдиришкендей, мындан узагыраак убакытка прогноз кылуу мүмкүн эмес. Анткени дүйнөлүк рынокто нефть казып алуунун көлөмү азайган сайын баалар тездик менен өзгөрүп жатат.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева бааларды турукташтыруу максатындагы аракеттердин бири катары чийки нефтини Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салынганын айтты.

Назначенная заместителем председателя Госкомитета промышленности и недропользования КР Вероника Исаева
© Фото / пресс-служба ГКПЭН
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева
"Бүгүн Кыргызстандагы нефтини кайра иштетүүчү заводдор 30 пайызга гана иштеп жатат жана алардын кубаттуулугу өлкөнү АИ-80 үлгүсүндөгү бензин менен камсыздоого гана жетет. Башка түрлөрүн импорттоп жатабыз. Эгер бир ай ичинде күйүүчү майга баа 20 пайызга кымбаттап кетсе, Монополияга каршы комитет чектөөлөрдү киргизип, бааны бир деңгээлде кармайт”, — деди ал.

Эске салсак, АИ-92 бензини бир топ убакыт бою 33,5 сомдон ашкан эмес. Бааны 2020-жылдын февраль айында Россиянын нефть иштетүүчү заводдору түшүрүп койгон.

2021-жылдын декабрь айынан баштап баалар кичинеден өсүп отуруп, 35,6 сомго жеткен. Январь айынын аягында айдоочулар бир литр май үчүн 36,9 сомдон төлөй баштаган. Учурда ал орто эсеп менен 45,5 сом турат.

Белгилер:
кымбаттоо, Кыргызстан, баа, бензин, нефть
Тема боюнча
Кыргызстанда кандай ири заводдор бар, алар эмне өндүрөт? Тизме
Күйүүчү майдан улам азык-түлүк да кымбаттайбы? КР бийлиги жана ишкерлердин пикири
Бензинди сыртка ташууга тыюу салуу бааны ооздуктай алабы. Талдоо
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:22 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Президент Ассоциации курортов Кыргызстана Лира Батырбекова
© Фото / пресс-служба правительства КР
"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийдин директору Лира Батырбекова
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив

Шевченконун көптөн күттүргөн беттешин кайсы жактан көрсө болот. Тизме

Ушул жуманын этегинде UFC 261 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.

Турнир Бишкек убактысы боюнча АКШнын Жексонвилл шаарында 25-апрелде эртең менен башталат. Анда дароо үч чемпион бел курун сактап калуу үчүн жан үрөйт.

Кеченин башкы беттешинде Хорхе Масвидаль мурда беттешкен Камару Усмандан наамын тартып алууга аракет жасайт. Мушкерлер октагондо былтыр июлда кезигип, Усман жеңишин майрамдаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jorge Masvidal (@gamebredfighter)

Турнирдин дагы бир башкы беттешинде Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен кармашат. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын коргоп калган.

Кеченин дагы бир маанилүү кармашында UFC уюмунун аялдар арасындагы эң аз салмак боюнча чемпиону Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет. Чжан акыркы беттешинде Шевченконун эзелки атаандашы Жоанна Енджейчикти утса, Намаюнас Шевченконун учурдагы каршылашы Андрадени жеңген.

UFC 261 турниринин өзгөчөлүгү — уюмдун мелдешине пандемиядан бери алгачкы жолу көрүүчүлөр кирет. Спорттук аренага 15 миң киши келет, билеттер сатыкка чыгары менен сатылып кеткен.

Мелдешти кайдан көрсө болот?

Болжолдуу карддын беттештери Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталып, 8:00дө бүтөт. Негизги карддын кармаштары 8:30-9:00дө, ал эми негизги беттештер 11:30да башталары болжолдонуп жатат.

UFC Fight Pass сервисинен уюмдун беттештерин түз эфирден көрсө болот. Кыргызстанда бул тиркемени айына 277 сом төлөп колдонушат.

Ошондой эле акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрө аласыздар.

Аралаш мушташтын күйөрмандарына Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) телеканалы бекер беттеш көрсөтүүнү убадалоодо.

NewsMMA сайтында дагы түз эфирден беттеш көрсөтүлөт.

Белгилер:
турнир, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Кыргызстандын өзүнүн ММА спорту бар. Шевченко UFC уюмундагы ийгилиги тууралуу. Видео