Кыргызстандын желеги жана акча каражаттары. Архив

Жыл башында өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кетти. Статистика

Расмий катталган жумушсуздардын саны 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыдан 2,1 пайызга көбөйгөн. Ал эми орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү 5 пайызга азайган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) анык өсүшү 8,9 пайызга төмөндөп, номиналдык көлөмү 71,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Аталган көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,6 пайыздык пунктуга төмөн экенинен кабар берет.

"Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кеткен, былтыр январь-февралда 3 пайызга жогорулаганы белгиленет.

Ал эми доллардын курсу бир жылда 21,33 пайызга кымбаттап, февралдын аягында 84,75 сомго жеткен.

Өнөр жай продукцияларын өндүрүү 13 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 7,3 пайызга, дүң жана чекене соода, автоунааларды, мотоциклдерди оңдоо кызматтарында 15,8 пайызга төмөндөө байкалган. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 34,5 пайызга чейин түшүп кеткен.

Бир гана айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо жаатында 0,9 пайыздык өсүш байкалган.

Расмий катталган жумушсуздардын саны февраль айынын этегинде 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыга караганда 2,1 пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү 5 пайызга азайган.

Тышкы соода жүгүртүү январь айында 352,4 миллион доллар болуп, 27,5 пайызга кыскарган.

Белгилер:
өндүрүш, статистика, ички дүң продукциясы, экономика
Тема боюнча
Министр күйүүчү майдын баасын ооздуктоочу эки кадамды атады
Кыргызстанда кандай ири заводдор бар, алар эмне өндүрөт? Тизме
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив

Казакстан менен Кыргызстандын товар айлантуусу эки айда 109 млн. долларга жетти

(жаңыланган 10:55 20.04.2021)
Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2021-жылдын алгачкы эки айында 109,8 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Январь, февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 109,8 миллион долларды түздү. Бирок бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөн", — деп айтылат кабарда.

Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.

Коңшу өлкө биримдикке кирген өлкөлөр менен эки ай ичинде 3 миллиард долларлык соода кылган. Алдыңкы орунда 2,7 миллиард доллар менен Россия турат. Андан кийин Беларусь (112,4 миллион доллар), Кыргызстан (109,8 миллион доллар) жана Армения (2,3 миллион доллар) жайгашкан.

Белгилер:
товар, соода, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Казакстанда баалар "чектен чыгып", бийлик кескин чараларга бара баштады
Өзбекстан менен КР товар айлантуусун 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатат
Автоунаалар. Архив

Кыргызстанда автоунаа импортунун көлөмү эки эсеге азайды

(жаңыланган 09:46 20.04.2021)
2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 авто алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 машина киргизилген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Билдирмеге караганда, 2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 машина алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 автоунаа киргизилген болчу.

Маалыматта машиналар Казакстандан көп кирбей калганы айтылат. Аталган мамлекеттен көлүктүн саны 2 205тен 45ке чейин кыскарган. Россиядан келген автолордун саны 1 071ден 807ге чейин азайган.

Ошол эле учурда Түштүк Кореядан көп автоунаа алып келине баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган мамлекеттен келген көлүктөрдүн саны 10дон 405ке чейин көбөйгөн.

Белгилер:
импорт, автоунаа, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду

(жаңыланган 16:22 20.04.2021)
Айрым маалыматтарга караганда Мария Айтматова ооруканада көз жумган. Кошумча маалымат берилери айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.

Айрым маалыматтарга караганда Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Белгилер:
Мария Айтматова, оору, өлүм, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду