БИШКЕК, 25-мар — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков ишкерлерди тейлөө борборун (ИТБ) ачуу маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Новиков бул иш 2020-жылдын ноябрында эле башталганын белгиледи.
"Өкмөт башчысы тарабынан аталган борборлорду түзүүнү тездетүү милдети коюлду, бирок азыркы күнгө чейин бир да ИТБ ишке киргизиле элек. Бул боюнча аракеттерди жандантуу зарыл. Биз салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнүн сапатын жогорулатып, ишкерлер менен мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара алакасынын жол-жобосун жөнөкөйлөтүшүбүз керек. Бизнес үчүн берилүүчү бардык уруксат кагаздары "бирдиктүү терезе" принциби боюнча бир гана жерден берилиши кажет", — деди биринчи вице-премьер.
Ошондой эле ал Бишкектеги Батыш автобекетинин жана "Эльдорадонун" имараттарында ИТБ түзүү боюнча тийиштүү эсеп-кысап жана эскиздик долбоорлор даярдалгандыгын кошумчалады.
"Тез аранын ичинде оңдоо иштерин жана ИТБларды ишке киргизүүнү баштоо керек. Биз салык кызматын сервердик моделге өткөрүү ишин баштоону 2020-жылдын аягында эле убада кылган болчубуз. Салык кызматы менен ишкерлердин кызматташуу механизмдерин жөнөкөйлөтпөстөн, ишкердиктин түйшүгүн азайтуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. ИТБ дал ушул милдетти ишке ашыруунун биринчи кадамы болушу керек ", — деди Новиков.Биринчи вице-премьер тийиштүү тараптарга 1-апрелге карата Ишкерлерди тейлөө борборлорунун иштөө концепциясын бекитүү үчүн өкмөткө сунуш киргизүүнү тапшырды. Мындан сырткары, ИТБда иштей турган мамлекеттик органдардын тизмесин тактоо милдеттендирилди.
ИТБларды түзүү идеясы 2018-жылы эле Экономика министрлигине ачуу сунушталган.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2021-жылдын алгачкы эки айында 109,8 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Январь, февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 109,8 миллион долларды түздү. Бирок бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөн", — деп айтылат кабарда.
Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.
Коңшу өлкө биримдикке кирген өлкөлөр менен эки ай ичинде 3 миллиард долларлык соода кылган. Алдыңкы орунда 2,7 миллиард доллар менен Россия турат. Андан кийин Беларусь (112,4 миллион доллар), Кыргызстан (109,8 миллион доллар) жана Армения (2,3 миллион доллар) жайгашкан.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Билдирмеге караганда, 2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 машина алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 автоунаа киргизилген болчу.
Маалыматта машиналар Казакстандан көп кирбей калганы айтылат. Аталган мамлекеттен көлүктүн саны 2 205тен 45ке чейин кыскарган. Россиядан келген автолордун саны 1 071ден 807ге чейин азайган.Ошол эле учурда Түштүк Кореядан көп автоунаа алып келине баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган мамлекеттен келген көлүктөрдүн саны 10дон 405ке чейин көбөйгөн.
УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.
"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.
Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.