Улуттук банк дагы 43,7 млн. доллар сатты. Доллардын курсу

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАКШ долларлар. Архив
АКШ долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Улуттук банк жыл башынан берки төртүнчү интервенцияны жасап, үч ай ичинде 158 миллион доллар саткан. Бул сумманын жарымы эле үстүбүздөгү ай ичинде сатылган.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 25-мартта, 43,7 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.
Башкы банк ушуну менен жыл башынан берки валюта рыногуна төртүнчү ирет чыкты.
  • 28-январда — 45,7 миллион;
  • 4-февралда — 38 миллион;
  • 11-мартта  30,6 миллион доллар сатылган болчу.
Учурда доллардын курсу бейшембиге карата төрт тыйынга түштү (84,71 сомго чейин), бирок мурункудай эле 84,9 сомдон сатылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0