Газ түтүгү. Архив

Ташиев: Баткендеги газ сактоо жайын иштетүү үчүн кыргыз-өзбек ишканасы түзүлөт

(жаңыланган 16:49 26.03.2021)
Камчыбек Ташиевдин айтымында, Бүргөндүдө газ сактоочу жай расмий түрдө Кыргызстанга өттү. Бирок аны иштетүүгө мамлекеттин шарты жок.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Бүргөндү аймагындагы газ сактоочу жер Кыргызстан тарапта калды. Бирок аны биргелешип иштетүү үчүн кыргыз-өзбек ишканасы түзүлүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Бүргөндүдө газ сактоочу жай бар. Аны Советтер Союзу маалынан бери өзбектер колдонуп келет. Бухара тарап жайкысын ага газ толтуруп, кышкысын Бухара шаары менен айрым кыргыз айылдарына газ берип келген. Азыр ошол жер биздин аймакка өттү. Бирок аны иштетүүгө Кыргызстандын шарты жок. Менин билишимче, кыргыз-өзбек ишканасы түзүлүп жатат", — деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, Бүргөндү айыл өкмөтү газ сакталган жерди ишканага ижарага бермекчи.

Белгилер:
Өзбекстан, газ, Камчыбек Ташиев, Баткен
Тема боюнча
Камчыбек Ташиев: кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилди
Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары бири-бирине жер бербейт
Өзбекстанга суу берип, жер алдык. Ташиев Кыргызстанга өткөн жерлерди санап берди
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

(жаңыланган 16:00 14.04.2021)
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстанда ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик ала албай жаткандыгын айтты.
Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.

"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.

Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.

Белгилер:
бизнес, мамлекеттик орган, инвестициялар, коопсуздук, ишкер, Аскар Сыдыков
Тема боюнча
Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат
Банк карталары жана акча. Архив

Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты

(жаңыланган 13:13 14.04.2021)
Кыргызстандагы айрым банктар дебеттик гана эмес, насыялык карталарды да чыгарышат. Алардын артыкчылык жана кемчиликтери, кантип пайдалануу керектиги туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Маяна алганга чейин кээде бир нече миң карыз алып турууга туура келет... Сизге да бул тааныш жагдайбы? Көйгөйдү чечүүнүн бир ыкмасы — насыялык картаны колдонуу (эл арасында – "кредитка" деп коюшат).

Sputnik Кыргызстан өлкөдө жеке адамдар үчүн чыгарылган насыялык карталардын шарты боюнча түрмөк даярдап, анын артыкчылык жана кемчиликтерин карап чыкты.

Насыялык карталардын артыкчылыктары

Колго тез арада тиет. Картаны алуу үчүн паспорт жана кирешенин тастыктамасын көрсөтүү талап кылынат. Негизги талаптары жөнүндө банктын расмий сайтынан жана каржылык мекеменин өзүнөн алдын ала билип алган оң. Эгер маяна долбоорунун алкагында банктын кардары болсоңуз, жол-жобосу болушунча жеңил жана ыкчам жүрөт. Каражатты каалаган убакта пайдалана аласыз. Товар же кызмат акысын, ошондой эле салык же айып пул төлөөгө чамаңыз жетпей турганда насыялык карта абдан ыңгайлуу жардам. Накталай эмес төлөө мүмкүн болгон бардык жерде жана каалаган убакта колдонууга болот.

Жеңилдетилген мөөнөт бар. Ар бир кредиттик картага мөөнөт коюлат, ал убакыт аралыгында пайдаланган каражатты пайыздык үстөксүз банкка кайтара аласыз. Айрым учурларда банк карта ээсине ыңгайлуу убакытты белгилеп бериши мүмкүн. Мындайда төлөмдөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү да жок эмес.

Толуктоо ыңгайлуу. Акча ар кыл ыкмалар менен: интернет-банкинг, мобилдик банкинг, терминалдык тейлөө, банкомат жана банктын кассалары аркылуу толукталат.

Пайыздык карталардын кемчиликтери

Жеңилдетилген мөөнөт аяктаган соң каражат (насыя) кайтарылбаса айып салынат. Эгер кандайдыр бир себептер менен эсепке картадан алынган каражатты кайтара албай калсаңыз, комиссия төлөөгө гана кептебестен, насыялык таржымалыңызга да терс таасир этет.

Эгер бир айлык кирешеңиз картаңыздын лимитинен көп деле ашпаса, маянаңызды банкка болгон карызыңызды жабууга которуп коюп, кур жалак каласыз. Кайрадан насыялык картадан каражат сарптоого туура келет.

Насыялык карталар негизинен накталай эмес төлөмдөр үчүн каралган. Банкоматтан накталай ала албайсыз, бардык операциялар төлөм тарыхына катталат. Банк мындай картадан накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берген учурларда деле комиссия түрүндө кошумча чыгымдары болот. Пайыздык үстөктөрдүн айынан бул карта ээсине деле пайдасыз.

Улуттук банктын кеңештери

"Кайтарымсыз насыя" деген психологиялык тузакка түшүп калбаш үчүн бардык артыкчылык жана кемчиликтерин, насыялык картаны алуу канчалык туура болорун өз алдынча салмактоого тийишсиз. Себеби карта боюнча да өз убагында төлөө керек.

Насыялык карта ачууну чечкениңизде каржылык шартыңызды калчаңыз, картаны пайдалануунун канчалык максаттуу экенин аныктаңыз. Насыяны жана анын пайыздарын жабуу үчүн күнүмдүк киреше жана чыгымдарды эске алуу, банк тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөө абзел. Өлкөдө иш алпарган банктардын насыялык карталарынын шарттарын карап чыгалы.

"Бакай Банк"

Чени — 0 же жылдык 28 пайыз. Кардардын тандоосуна төмөнкү тартипте сунушталат:

  • 500 сомдон өйдө ар жолку сатып алуудан 5 пайыздык кайтарым (кэшбэк), ал ар айдын аягында чегерилет;
  • 30 күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөттүү карта (санак айдын биринчи күнүнөн тарта жүргүзүлөт);
  • "‎Бакай Банктын" банкоматтарынан накталай алууда — комиссия кошулбайт;
  • накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт токтотулбайт;
  • картадагы сумма беш маянага чейин жетиши мүмкүн, бул алуучунун категориясына жараша.

Маяналык долбоордун катышуучулары жана банктын пенсиялык картасынын ээлери, ишкерлер, банктын насыя алуучулары (чакан жана орто бизнес), ошондой эле сырттагы жеке кардарлар насыялык картаны пайдалана алышат. Ошондой эле банк аркылуу маяна алган медициналык кызматкерлер үчүн да аталган каржылык мекеме жеңилдетилген насыялык картаны сунуштайт.

"Демир Банк"

Насыялык карталарды маяналык долбоордун кызматкерлери да, банктын башка кардарлары да ала алышат.

Насыялык лимиттин өлчөмү:

  • маяна долбоорунун алкагында – айлык акыдан 70 пайызга чейин;
  • маяна долбооруна кирбегенде айлык акы же таза кирешенин 50 пайызына чейин (киреше боюнча тастыктаманы көрсөтүү менен);
  • башка категориядагы кардарлар үчүн акча күрөөнүн көлөмүнө жараша – бөлөк өлчөм;
  • пайыздык ченди чегерүү үчүн жеңилдетилген мөөнөт — накталай эмес эсептерге 35 күнгө дейре (санак айдын биринчи күнүнөн тарта), андан ары 30 пайыз;
  • кэшбэк — 0,1 пайыз;
  • накталай алууда каралган пайыздар — накталай алынган күндөн тарта жылдык 30 пайыз;
  • накталай алууга комиссия — 0 пайыз.

"Оптима Банк"

Насыялык картаны маяналык долбоордун кардарлары, ошондой эле банкта аманат сактаган жарандар гана алышат.

Шарттары:

  • эң жогорку өлчөм — аманат менен насыянын валютасы дал келгенде депозиттин суммасынан 80 пайызга чейин, түрдүү валюталарда аманаттын 60 пайызы, маяналык долбоордо беш окладга чейин;
  • чен —15 пайыз (аманат коюлган шартта насыя) жана айлык акы долбоору үчүн 26-28 пайыз;
  • жеңилдетилген мөөнөт — насыялык карта колдонулган айдын аягына чейин;
  • кэшбэк — 1 пайыз, бирок бул Visa Platinum жана Visa Infinite карталарына гана тиешелүү (Евробиримдикке мүчө-өлкөлөрдө жүргүзүлгөн накталай эмес операциялар жана интернет-төлөмдөргө 0,5 пайыз);
  • накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт жок;
  • накталай алууга комиссия — аталган банктын банкоматтарынан алууда жок, ал эми башка банктар аркылуу накталай алууда 1 пайыз кармалат.

"Керемет Банк"

Насыялык картага соңку алты ай аралыгындагы туруктуу иши бар, ошондой эле патент же күбөлүк менен иштеген, туруктуу бизнеси бар жеке ишкерлер (насыя картаны алууга тапшырык берилгенге чейин жарым жыл үзгүлтүк иш алпарган).

Шарттары:

  • Visa Credit Classic — 200 миң сом/3 миң долларга чейин;
  • Visa Credit Gold — 1 миллион сом/15 миң долларга дейре.
  • жеңилдетилген пайызсыз мөөнөт — 45 күн (насыя алынган күндөн тарта саналат);
  • насыя алынган учурда ар айдын 20сына дейре сөзсүз түрдө карыздын суммасынан 10 пайыздык өлчөмдө минималдык төлөмдү төгүү зарыл;
  • карта менен төлөөдө комиссия — 1 пайыз;
  • накталай алууда комиссия — 1 пайыз;
  • жеңилдетилген мөөнөттөн кийинки чен — 20-29 пайыз (доллар менен аз, сом менен — ири сумма);
  • айрым кардарлар үчүн чен 1 пайызга түшүрүлүшү мүмкүн.

"Кыргызкоммерцбанк"

Насыя картасын маяналык долбоордун кызматкерлери да, айлык акы же кирешесин тастыктаган башка кардарлар жана жеке ишкерлер да ала алышат.

Шарттары:

  • жеңилдетилген пайызсыз мөөнөт — 45 күн (насыя алган күндөн эмес, айдын биринчи күнүнөн тарта эсептелет), бирок ай соңунда насыя суммасынан кеминде 5 пайыз төлөө абзел;
  • эң жогорку сумма — бир-эки айлык акы (250 миң сомго дейре);
  • чен — жылдык 26 пайыздан баштап;
  • кэшбэк каралган эмес;
  • накталай алууга комиссия — 2,5 пайыз;
  • накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт жоюлбайт.

РСК

Жеке жактар да, жеке ишкерлер да насыялык картага ээ боло алышат.

Шарттары:

  • жеңилдетилген маал — 45 күнгө дейре;
  • чен — жылдык 28 пайыз;
  • өлчөм — 10 миңден 50 миң сомго чейин (күрөөсүз жана кепилдик берген кишисиз) жана кепил болгон киши менен 100 миң сом;
  • интернет аркылуу төлөм — накталай эмес эсеп;
  • накталай эмес төлөмдө кэшбэк каралган эмес;
  • накталай алууда комиссия жок;
  • каражатты накталай алууда жеңилдетилген мөөнөт жокко чыгарылбайт.

Жогоруда тизмектелген банктардын айрымдарында насыялык карта менен төлөөдө ар кыл дүкөндөрдө арзандатуулар каралган. Бул карталар туурасында толук маалымат алуу үчүн банктардын өздөрүнө кайрылуу кажет.

Насыялар тууралуу психологдун пикири

Насыя карталарын пайдалануунун туура же натууралыгы боюнча психолог Леонид Соболевге кайрылдык.

"Насыя — бул жакшы да, жаман да эмес көрүнүш. Бул – алыс кете алгыс учурдун чындыгы. Өз мүмкүнчүлүгүн баамдай албастан үстөккө-босток насыя ала берип, карызга батып калган кардарларым болгон. Натыйжада карыз өсүп кетет...

Адамдар алына карабай насыя алып, той өткөрүшөт. Баары эл көзүнө "эл эмне дейт?" деген ой менен жасалат. Насыя – карызга жашоо экенин алар дайым түшүнө беришпейт", — дейт Соболев.

Ошону менен бирге эле ал ар кандай жагдай болорун, кээде насыя да зарыл экенин белгилейт. Психолог каржылык мекемесинен карыз алуудан оболу айрым жактарын эске алууга кеңеш берет:

  • насыя дайым негиздүү болушу шарт (эгер мүмкүнчүлүк болсо, насыя алып кереги жок);
  • болжолдуу тобокелдиктерин калчап көрүп, карызды кайсы каражаттардын эсебинен төлөөнү ойлонуу керек; бир насыяны жабуу үчүн экинчисин алуу кооптуу;
  • насыя өлчөмү да дайым алыңызга жараша болушу шарт — "кайра кайтарууда эч кыйналбагыдай сумманы гана алам".

"Насыянын түпсүз оруна түшүп калган адамдардын негизги көйгөйү — каржылык чексиздикти сезип алышы: "Алгым келет, мага керек!". Бул түптөлбөй калган жоопкерчиликтен улам келип чыгат.

Адам өз муктаждыктарын канааттандыруу үчүн каалаган убакта насыя ала аларын билет, жеке чыгымдарын көзөмөлдөөнү, каржыны колдонууну унутат", — деп белгилейт Соболев. Анын айтымында, насыянын негизги кемчилиги – "адам өзүн чектей албай калат".

"Насыя "куткаруучу ыкма" катары болуп калат, болбосо ага сатып алчу айрым буюмду айлык колго тийген кезде деле алууга болот", — деп түшүндүрдү психолог.

Каржылык серепчилер дайым ар бир адам өз "каржылык коопсуздук жаздыкчасын" түзүп алуу керектигин белгилешет. Ал эмнеге зарыл жана кантип топтоо керектигин Sputnik Кыргызстандын башка бир материалынан окуңуздар.

Белгилер:
терминал, чыгым, киреше, каражат, насыя, төлөм, карта, банк
Тема боюнча
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кырсык

Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео

(жаңыланган 17:12 14.04.2021)
Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында болгон жол кырсыгынан жаракат алгандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.

"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.

Белгилер:
Торугарт, Нарын, Бишкек, ӨКМ, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Сокулукта Lexus жолдо турган унааны сүзүп, бир адам каза тапты. Видео